Инвестициялык кеңештин отурумунда кабыл алынган чечимдерге мониторинг жүргүзүү боюнча кезектеги кеңешме

29-ноябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгына, мурда 2023-жылдын 11-февралындагы болуп өткөн Инвестициялык кеңештин отурумунда кабыл алынган чечимдерге мониторинг жүргүзүү үчүн кезектеги жумушчу кеңешмелер өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана МЖӨ борборунун жооптуу кызматкерлери Инвестициялык кеңештин чечимдеринин пункттары боюнча такталган маалыматтарды беришти.

Жолугушууда тараптар Инвестициялык кеңештин жыйынында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы тыгыз кызматташуу кадамдарын талкуулашты.