Жалал-Абадда Регионалдык инвестициялык кеңештин кеңейтилген отуруму

2025-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн Аппаратынын жаңы имаратында Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИК) кеңейтилген отуруму өтүп жатат.

Отурумду РИКтин катчысы Гулмайрам Аттокурова алып барууда. Иш-чаранын максаты - РИКтин аянтчасы аркылуу натыйжалуу мамлекеттик-жеке диалогун күчөтүү жана жеке сектордун маалымдуулугун жогорулатуу менен региондун экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёва, Улуттук инвестициялар агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Нурбек Анарбекин, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес-ассоциациялардын, өнүктүрүү фонддорунун жана ишкер коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Облустун Ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев:

«Биз ачык жана түз диалогго кызыкдарбыз. Ишкерлердин үнү угулуп, көйгөйлөр чечилип, сунуштар ишке ашканда гана чыныгы өнүгүү болот. Регионалдык инвестициялык кеңеш – дал ушундай платформа. Жалал-Абад облусунда бизнеске ыңгайлуу шарт түзүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү – биздин негизги багытыбыз».

Минкабка караштуу Кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев өз сөзүндө:
« РИК эмне үчүн зарыл? Бул – жөн гана кеңешүү органы эмес. РИК – бул диалог аянтчасы жана бул жерде ишкер өз көйгөйүн түз айтат, мамлекеттик органдар жооп берет, чечим протоколго киргизилет жана анын аткарылышын катчылык көзөмөлдөйт. Башкача айтканда, РИК – ишкерлер үчүн ишенимдүү платформа, мамлекет үчүн эффективдүү байланыш механизми, ал эми регион үчүн – өнүгүүнүн жол картасы».

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёва:
«Регионалдык инвестициялык кеңеш — бул уникалдуу көп тармактуу аянтча. Анын алкагында инвестицияларды тартуу, региондук жана жергиликтүү өнүгүү, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу, бизнес жана ишкердикти, анын ичинде жаштар жана аялдар ишкердигин, ошондой эле креативдүү индустрияларды өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланып, чечимдер кабыл алынат».

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Нурбек Анарбекин:
«Бүгүнкү күндө Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун портфелинде жалпы инвестициялык көлөмү 5 миллиард АКШ долларынан ашкан 90дон ашык долбоор бар. Анын ичинен 50дөн ашык долбоор активдүү ишке ашырылуу стадиясында, ал эми 40ка жакын демилгелер даярдоо этаптарынан өтүп жатат.»

Регионалдык инвестициялык кеңештер (РИК) облустардагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдында түзүлүп, РИКтердин катчылыктарынын ишмердүүлүгү КР Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңешинин Катчылыгынын, БУУӨПтүн КРдагы өкүлчүлүгүнүн жана Улуттук инвестиция агенттигинин алдындагы МЖӨ борбору ортосундагы үч тараптуу келишиминин алкагында колдоого алынууда.