Расмий маалымат: Инвестициялык кеңеш жөнүндөгү Токтомуна өзгөртүүлөр кабыл алынды

2025-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети № 420-токтомду кабыл алып, Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңеш жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди. Аталган Жобонун баштапкы редакциясы 2022-жылдын 16-майындагы № 253 токтом менен бекитилген болчу.

 

Өзгөртүүлөргө ылайык, Кеңештин расмий аталышы Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш болуп өзгөртүлдү. Жаңыланган Жобо Кеңеш тарабынан акыркы жылдары иш жүзүндө аткарылып келген бир катар функцияларды жана иш тартибин бекемдейт.

 

Башкы өзгөртүүлөрдүн кыскача мазмуну:

▪️ Кеңештин аталышын өзгөртүү жана тиешелүү укуктук актыларга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү;

▪️ Иш жүзүндө колдонулуп келген функцияларды расмий бекитүү, анын ичинде:
 • туруктуу жана экологиялык жактан жоопкерчиликтүү инвестицияларды тартууга көмөктөшүү;
 • консультациялардын, форумдардын жана семинарлардын уюштурулушун камсыз кылуу;
 • жеке сектордон кайрылууларды жана сунуштарды кабыл алуу үчүн онлайн-платформаны түзүү;
 • инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жана мамлекеттик органдарга сунуштарды берүү;
 • бизнес жана инвестициялык климатка таасир этүүчү системалуу маселелерди изилдөө жана тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу.

 

▪️ Кеңештин курамына кошумча мүчөлөрдү киргизүү:
 • Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун жетекчиси;
 • Улуттук илимдер академиясынын өкүлү.

 

▪️ Жаңы процедуралык талап киргизилди:
 • Кеңештин жыйындарынын күн тартиби жана сунушталган чечимдер алдын ала экономикалык өнүгүү жана ишкердикти колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана тиешелүү профилдик министрликтер менен макулдашылышы керек.

 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кеңештин Катчылыгы ушул Положение менен белгиленген милдеттерди ишке ашырууга, анын ичинде Кыргыз Республикасында бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдар менен ишкердик коомчулуктун ортосунда натыйжалуу диалогду камсыз кылууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин өнүктүрүүгө өз салымын улантарын тастыктайт.