2025-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгында лицензиялык жана уруксат берүүчү системаны реформалоонун башталышына арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул - 2025-жылдын эң маанилүү институционалдык реформаларынын бири катары каралууда. Иш-чара “регулятордук гильотина” деп аталган жараяндын алкагында өткөрүлүп, анын максаты - эскирген, кайталанган жана ашыкча административдик жол-жоболорду жоюу, бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Реформа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 552-р Токтомун ишке ашыруу максатында жүргүзүлүүдө.
“Регулятордук гильотина” түшүнүгү жаңы эмес, бирок бул жолу реформа стратегиялык деңгээлге чыкканын белгилей кетүү маанилүү. Бул кадимки техникалык инвентаризация эмес, тескерисинче, өлкөдөгү мамлекеттик жөнгө салуунун философиясын кайра кароо болуп саналат. Биринчи жолу процесстин борборунда мамлекеттик органдардын гана эмес, бизнес-коомчулуктун активдүү катышуусу турат. Иш-чаранын жүрүшү жеке сектордун сынчыл көз караштан тышкары, конструктивдүү катышууга да даяр экенин көрсөттү.
Жолугушуунун өзгөчө маанилүү бөлүгү — КР Экономика жана коммерция министрлиги (ЭКМ) менен КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту (СДУИ) Инвестициялык кеңештин Катчылыгын бизнес-ассоциациялардын сунуштарын кабыл алып, талдап жана координациялап берүүчү негизги байланыш катары аныктоону сунушташты. Бул Инвесткеңештин мамлекеттик жана жеке сектордун кызыкчылыктарын бир аянтчага бириктире алган мамлекеттик-жеке диалог институту катары маанисин дагы бир жолу баса белгилейт.
Катчылыктын негизги милдети - бизнес-коомчулук тарабынан берилген сунуштарды топтоп, талдап, эксперттик баа берип, керек болгон учурда Комиссиянын кароосуна кошуу. Так ушул Комиссия уруксат берүүчү документтердин тагдырын аныктай турган чечимдерди чыгарат.
Бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жолугушуунун жүрүшүндө өз тармактарындагы жөнгө салууларды жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Талкууларда административдик тоскоолдуктар жана чыгымдар менен бирге, өзүн-өзү жөнгө салуу элементтерин киргизүү, жол-жоболорду санариптештирүү жана айрым функцияларды тармактык ассоциацияларга өткөрүү боюнча да идеялар айтылды. Катышуучулар, эгер диалог туруктуу жүрүп, механизмдер ачык-айкын болс, бул реформа системалуу өзгөрүүлөргө жол ача турган уникалдуу мүмкүнчүлүк экенин белгилешти
Жакынкы күндөрү Инвесткеңештин Катчылыгы Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан иштелип чыккан атайын форманы бизнес-ассоциацияларга жөнөтөт. Бул форма сунуштарды бирдиктүү форматта топтоп, аларды институционалдык анализ логикасына ылайык иштеп чыгууга шарт түзөт. Топтолгон маалыматтар кийинчерээк ЭКМ жана СДУИге жиберилет жана 2025-жылдын 7-июлундагы № 110 буйруктун негизинде түзүлгөн комиссияда каралат. Комиссия бардык нормативдик актыларды инвентаризациялоого, алардын укуктук негиздемесин, актуалдуулугун жана бизнес чөйрөсүнө тийгизген таасирин талдоого жана жөнгө салууларды жокко чыгаруу же трансформациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга милдеттүү.
17-июлдагы жолугушуу системалык реформаларды талкуулоого бизнес-коомчулукту өз убагында тартуунун канчалык маанилүү экенин айгинеледи. Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш туруктуу жана натыйжалуу диалог үчүн аянтча катары жеке сектордон келген эксперттик сунуштар үчүн логикалуу башталгыч пункт болуп калды. Бул формат мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы ишенимдүү жана натыйжалуу кызматташуунун үлгүсү болуп саналат — так ушул ыкма менен регулятордук саясаттын жаңы нугун чогуу түзүүгө болот.