Moody’s Investors Service – дүйнөдөгү эң ири үч рейтинг агенттигинин бири, Standard & Poor’s жана Fitch Ratings менен катар. Мындай агенттиктердин негизги милдети – кредиттик рейтингдерди берүү жана тобокелдиктерди талдоо, башкача айтканда, карыз алуучулардын (мамлекеттердин, банктардын, компаниялардын) каржылык абалын жана милдеттемелерди өз убагында аткаруу жөндөмдүүлүгүн баалоо. Бул баалоонун натыйжасы катары тамгалар менен белгиленген кредиттик рейтинг берилет, ал төлөө жөндөмдүүлүктүн деңгээлин көрсөтөт: мисалы, Moody’s агенттигинде эң жогорку рейтинг – Aaa, андан кийинкилер Aa1, Aa2, Aa3, A1, A3, жана андан төмөн B жана C топтору болот.
Рейтингден тышкары агенттик кошумча божомолду да жарыялайт – “туруктуу”, “позитивдүү” же “негативдүү”. Ал жакынкы аралыкта рейтингдин өзгөрүү ыктымалдыгын чагылдырат. Мисалы, “позитивдүү” божомол рейтингдин жакшыртуусунун жогорку ыктымалдыгын көрсөтөт, “негативдүү” тескерисинче төмөндөтүү ыктымалдыгын билдирет, ал эми “туруктуу” деген өзгөрүү күтүлбөгөнүн кабарлайт.
Moody’s Кыргыз Республикасынын рейтинги боюнча божомолун “позитивдүү” деңгээлге көтөрдү
2025-жылдын 11-июлунда эл аралык Moody’s агенттиги Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтингине карата божомолду “туруктуу” деңгээлден “позитивдүү” деңгээлге өзгөрткөнүн жарыялады. Ошол эле учурда эмитенттин узак мөөнөттүү рейтинги мурдагы деңгээлде – B3 катары сакталып калды. Башкача айтканда, рейтинг өзү өзгөргөн жок, бирок анын келечектеги өзгөрүү божомолу жакшырып, позитивдүү болуп калды. Бул келечекте рейтингдин көтөрүлүшү ыктымал экенин көрсөтөт.
“Мындай таасирдүү эл аралык агенттик “силердин келечегиңер жакшы” десе, бул жөн гана рейтинг эмес, бул – ишеним. Ал эми ишеним – инвестициялардын, жумуш орундардын жана экономикалык өсүштүн ачкычы. Бул ыргакты сактап, ишенимди мындан ары бекемдөө маанилүү”, – деп белгиледи Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдыбаев.
Божомолдун оң тарапка өзгөрүшү өлкөнүн макроэкономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрүнүн жакшырганы жана экономиканын өсүү потенциалынын жогорулаганы менен түшүндүрүлдү. Мындай жыйынтыкка негизги реформаларды ишке ашыруу, экономиканы диверсификациялоо жана инфраструктурага активдүү инвестиция салуу аркылуу жетишилди. Мисал катары мамлекеттик карыздын деңгээлинин азайышын айтууга болот: 2020-жылы ички дүң өнүмдүн 64% түзсө, 2024-жылы 37% га чейин төмөндөгөн. Бул олуттуу кыскаруу өлкөгө “бюджеттик резерв” жаратып, туруктуу өнүгүүнү жана тышкы шокторго туруктуулукту камсыз кылууга шарт түзөт.
Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин Катчылыгы бул көрсөткүчтү өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу, туруктуу реформаларды жүргүзүү жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдөө боюнча системалуу аракеттердин жыйынтыгы катары баалайт.
Ошол эле учурда Moody’s рейтингдин келечекте көтөрүлүшү үчүн кандай шарттар аткарылышы керектигин белгиледи. Атап айтканда, структуралык реформаларды улантуу, мамлекеттик башкаруунун сапатын жакшыртуу жана экономиканын тышкы таасирлерге алсыздыгын азайтуу маанилүү деп көрсөтүлдү.
“Позитивдүү” божомол эмнени билдирет жана Кыргыз Республикасына кандай пайдасы бар?
Жөнөкөй сөз менен айтканда:
Moody’s Кыргызстанга “жашыл шаң” берип, “силер туура жолдосуңар” дешти. Бул өлкөгө инвестиция тартууга, арзан пайыз менен каражат алууга жана экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Рейтинг канчалык жогору болсо – ишеним ошончолук күчтүү, мүмкүнчүлүктөр да ошончо кеңейтилет.
Төмөндө божомолдун оң жакка өзгөрүшүнүн негизги маанилери жана мүмкүн болгон жакшы жагдайлары:
- Рейтингдин жогорулашынын жогорку ыктымалдыгы. Позитивдүү божомол кийинки 12–18 айда рейтинг көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирет (эгер учурдагы оң тенденциялар сакталса). Бул Moody’s агенттигинин экономикалык саясатка ишенимин көрсөтүп, рейтингди B3 ден жогору деңгээлге көтөрүү шансы бар экенин билдирет.
- Инвесторлордун ишеними жана жаңы инвестициялар. Болжолдун жакшырышы дүйнөлүк каржы коомчулугуна жана инвесторлорго өлкөнүн каржылык абалы оңолуп жатканын билдирген белги. Өкмөт муну эл аралык каржы базарларындагы ишенимди күчөтүүчү жана жаңы капитал тартууга жол ачкан маанилүү кадам катары баалайт. Бул чет элдик өнөктөштөр Кыргызстандагы долбоорлорду ишенимдүү карап чыгышына өбөлгө болот.
- Дүйнөлүк рыноктордогу абалды чыңдоо. Суверендүү рейтингдин жакшырышы өлкөнүн эл аралык аренадагы имиджине түздөн-түз таасир этет. Кыргызстан өзүн чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдө жана финансы институттары менен кызматташууда ийгиликтүү сунуштай алат.
- Бизнес жана банктар үчүн жакшы шарттар. Өлкөнүн кредиттик рейтинги көтөрүлгөндө ички финансылык сектор да оң таасир алат. Банктар жана финансы уюмдары узак мөөнөттүү жана арзан каражаттарды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Коммерциялык банктар да өз рейтингдерин оңой ала алышат. Бул акыры бизнес жана инвестициялык долбоорлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.
- Мамлекеттик карыз алуунун арзандашы. Рейтинг мамлекеттин чет жактан карыз алуу шарттарына түздөн-түз таасир этет. Рейтинг көтөрүлгөндө мамлекет евробонддор сыяктуу баалуу кагаздарды чыгарууну жеңилдетип, пайыздык чендерди төмөндөтө алат. Бул бюджеттик каражатты үнөмдөөгө жана аны өнүгүүгө багыттоого мүмкүндүк берет.
Moody’s агенттигинин Кыргызстандын рейтинги боюнча божомолун “позитивдүү” деңгээлге өзгөртүшү – өлкө экономикасынын оң багытта өнүгүп жатканын тастыктаган маанилүү белги. Бул көрсөткүч экономикага кеңири таасир этет: инвесторлордун ишеними өсөт, бизнеске жана каржылоо мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачылат, мамлекет карызды тейлөөгө кетчү чыгымдарды кыскарта алат. Бул келечекте туруктуу экономикалык өсүшкө жана элдин жыргалчылыгын жогорулатууга шарт түзөт. Бирок рейтингди чындап көтөрүү үчүн өлкө жүргүзүп жаткан реформаларды жана макроэкономикалык туруктуулукту улантуу абзел.