2025-жылдын 27-мартында Баткен шаарында республикалык деңгээлдеги «Бизнес агартуу кербени» маалыматтык кампаниясы өз ишин улантты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында өтүп, аймактык ишкерлерди, мамлекеттик органдардын, каржылык институттардын жана эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрүн чогултту.
Кампаниянын негизги максаты – ишкерлерди салык жана эмгек мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, чакан жана орто бизнести мамлекеттик колдоо чаралары, аймактарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматындагы кызматташтык тууралуу актуалдуу маалыматтар менен камсыз кылуу болуп саналат.
Иш-чаранын уюштуруучулары өз сөздөрүндө ишкерлер менен түз, «түз эфирдеги» диалогдун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Бул формат жер-жерлердеги реалдуу кырдаалды тереңирээк түшүнүүгө жана ишкерлер көтөргөн маселелерге ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк берет.
Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө текшерүүлөрдү жөнгө салуу, милдеттүү камсыздандыруу жана жаңыланган Эмгек кодексин колдонуу боюнча маселелер талкууланды. Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү өлкөдө текшерүүлөрдү пландаштыруу системасы иштеп жатканын, ага ылайык бардык көзөмөлдөөчү органдар өз ишин алдын ала макулдашууга милдеттүү экенин эскертишти. Ишкерлерге инспекторлордун текшерүүсүнүн мыйзамдуулугун текшерүү жана прокуратурага кайрылуу үчүн proverki.gov.kg сайты менен «Бизнес коргоо» мобилдик тиркемесин колдонуу сунушталды.
Милдеттүү камсыздандыруу маселеси өзгөчө көңүл борборунда болду. Камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү зыяндын ордун толтуруу тиешелүү кызматтардын корутундусунун негизинде жүргүзүлөрүн түшүндүрүштү. Спикерлердин бири белгилегендей: «Зыян жарым-жартылай болгон учурда дагы компенсация төлөнүшү мүмкүн – мисалы, Лейлек районундагы бир айылда 800 миң сом өлчөмүндө компенсация берилген». Ошол эле учурда, эгерде мүлк ээсинин күнөөсү тастыкталса, төлөм каралбашы мүмкүн экени да баса белгиленди.
Ишкерлер салык төлөө жана отчеттуулук маселелерине активдүү кызыгышты. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин түшүндүрүп, кызматкерлердин жеке эсептерин соода операцияларында колдонууга болбой турганын эскертишти. Ошондой эле, салык порталынын интерфейсиндеги өзгөрүүлөргө байланыштуу кыйынчылыктар талкууланды. Айрым катышуучулар платформадагы жаңылануулар отчет тапшырууда тоскоолдук жаратып жатканын белгилешти. Бул боюнча Салык кызматынын өкүлдөрү: «Интерфейстеги өзгөрүүлөр салык төлөөчүлөр үчүн системаны жөнөкөйлөтүү жана жакшыртуу максатында гана жүргүзүлөт», – деп жооп беришип, колдонуучулардын пикирин эске алууга даяр экенин билдиришти. Мындан тышкары, салык инспекцияларында жайгаштырылган QR-коддор тууралуу да эскертүү берилди: «Эгерде сиз инспектордун жообуна нааразы болсоңуз же аракетинде шек санасаңыз, түздөн-түз борбордук аппаратка баа жөнөтө аласыз».
Туризм тармагына байланышкан маселелер да өзгөчө кызыгууну жаратты. Туризм департаментинин өкүлү өлкөнүн 40 районунда 40 туристтик объектти өнүктүрүү долбоору тууралуу айтып берди. Бул демилгенин алкагында бизнес-план жана каржылоонун булактары болгон учурда мамлекет тарабынан жер маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүлөрү белгиленди. Катышуучулар ошондой эле «Бир айыл – бир продукт» урааны менен айылдык жарманкелерди уюштурууну сунушташты. Жооп иретинде мындай иш-чаралар буга чейин өткөрүлүп келе жатканы жана кеңейтилери айтылды.
Инвестициялар боюнча Улуттук агенттикке караштуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун өкүлдөрү учурдагы ГЧП механизмдери тууралуу маалымат беришти. Тактап айтканда, 1 миллиард сомго чейинки долбоорлор конкурстук негизде ишке ашырылса, андан жогору суммалар боюнча түз сүйлөшүүлөр аркылуу иш жүргүзүлөт. Региондорго туруктуу пайда алып келген долбоорлор артыкчылыкка ээ экени баса белгиленди.
Мамлекеттик жана аймактык өнүктүрүү фонддору, ошондой эле эл аралык каржы уюмдары Баткен облусундагы чакан жана орто бизнес үчүн ылайыкташтырылган каржы продуктыларын сунуштап, катышуучуларга насыя алуу шарттарын, күрөөгө коюу талаптарын жана арыз берүү тартибин түшүндүрүп беришти.
Жер маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ишкерлерге өз алдынча курулган объекттерге жана «кызыл сызыкка» байланыштуу мыйзам бузууларды ыктыярдуу түрдө жоюу сунушун беришти, анткени бул келечекте мыйзам чегинде бузууга байланыштуу сот чечимдерин алдын алууга жардам берет.
Панелдик сессиялар менен катар ишкерлер атайын уюштурулган зонада жеке консультация алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ал жерлерде министрликтердин, салык кызматынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, банктардын, фонддордун жана камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү иш алып барышты.
«Кербендин» кийинки токтоочу жайлары: Нарын – 1-апрель, Каракол – 3-апрель, Талас – 8-апрель, Токмок – 10-апрель, Кара-Балта – 15-апрель, Бишкек – 16-апрель.
Кампаниянын уюштуруучулары — JIA бизнес-ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Секретариаты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Экономика жана коммерция министрлигинин, Башкы прокуратуранын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Улуттук инвестиция агенттигине караштуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, Туризм департаментинин, Жер жана суу көзөмөлү кызматынын, ЕБРРдин, ЕККУнун Программалык кеңсесинин, БУУӨПтүн жана Ишкерлерди колдоо борборунун колдоосу менен өткөрүлдү.