«Бизнес агартуу кербени» Оштогу жүрүшүн улантты

2025-жылдын 26-мартында республикалык «Бизнес агартуу кербени» маалыматтык кампаниясы Ош шаарында өз ишин улантты. Иш-чара Ош мамлекеттик университетинин базасында өтүп, ага ишкерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер активдүү катышты.

Кампаниянын максаты — ишкерлерге мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдү, салык жана эмгек чөйрөсүндөгү жаңы талаптарды түшүндүрүү, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоо чаралары, туризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы инструменттер тууралуу маалымат берүү болуп саналат.

Иш-чаранын ачылышында ЖИА Бизнес-ассоциациясынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Мамлекеттик салык кызматынын жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Программанын биринчи бөлүгүндө ишкерлерге ишкердик чөйрөнү жөнгө салуудагы акыркы өзгөрүүлөр, анын ичинде Эмгек кодексинин жаңы редакциясы, милдеттүү камсыздандыруунун механизмдери жана көзөмөл органдары тарабынан текшерүүлөрдүн тартиби тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле лицензиялоо, прокуратуранын ишкерлерди коргоодогу ролу жана салык отчёттуулугунун өзгөчөлүктөрү талкууланды.

Катышуучулар камсыздандыруу төлөмдөрүнө жетүүнү жеңилдетүү боюнча сунуштарын айтышты. Ишкерлердин бири мындай демилге көтөрдү: «Камсыздандыруу салымды төлөө кандай жеңил болсо, төлөмдү алуу да ошондой жеңил болушу керек». Тиешелүү органдын өкүлдөрү эгерде бардык документтер толук болсо, төлөмдөрдү алуу кепилденерин түшүндүрүштү.

Салык режимдерине байланыштуу да көп суроолор берилди. Ишкерлер бирдиктүү салыкты колдонуу тартиби, «нөлдүк» отчетторду тапшыруу, кызмат көрсөтүү жана соода тармагындагы салык салуу боюнча кызыгышты. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү учурда накталай төлөм үчүн 4% ставкасын алып салып, бардык формадагы эсептешүүлөр үчүн 2% калтыруу боюнча маселе каралып жатканын билдиришти. Ошондой эле катышуучуларга «эгерде ишмердүүлүк жүргүзүлбөсө – “нөлдүк” отчет тапшыруу талап кылынбайт, бирок өзгөрүү болсо тактоочу отчет берүү керек» деп эскертишти.

Ошондой эле ЭТТНди колдонуудагы көйгөйлөр, тигүү тармагындагы эмгек мамилелеринин өзгөчөлүктөрү жана документтери жок болгон айыл чарба өндүрүүчүлөр менен иштөөдө пайда болгон кыйынчылыктар талкууланды. Бул боюнча ишкерлерге: «Счёт-фактура бере албаган дыйкандар менен келишим түзүүдөн баш тартуу сунушталат, себеби алар салык төлөөдөн бошотулган күндө да, документ талаптары сакталышы керек» деген кеңеш берилди.

Туризмди өнүктүрүү боюнча панелдик сессияда долбоорлорду каржылоонун булактары тууралуу сөз болду. «Раян резорт Сары-Ой» өкүлү ишкерлерге практикалык кеңеш берди: «Биз эң жөнөкөй жол менен баштаганбыз – бир жылга жер ижарага алып, боз үйлөрдү тиккенбиз, параллелдүү түрдө узак мөөнөттүү уруксаттарды чогулта баштадык. Ошентип, сиздер да жерди расмий каттоону күтпөстөн, иш баштасаңыздар болот». Ошондой эле, туризм тармагындагы ишкерлер менен өзүнчө жолугушуу уюштуруп, Ош шаарынын өзгөчөлүктөрүн пайдалануу боюнча сунуш айтылды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишкердикти колдоодогу ролуна жана долбоорлорду ишке ашыруудагы катышына көңүл бурулду. Туризмди өнүктүрүү боюнча өзүнчө сессия болуп өттү, анда аймактык өзгөчөлүктөр эске алынды. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү региондорду өнүктүрүү фонддору аркылуу кандайча каржылоого жетүүгө болору жана чакан, орто бизнести колдоонун учурдагы программалары тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле, ишкерлер Ош облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештин ишмердүүлүгүнө болгон муктаждыгын билдиришип, анын катчылыгы түзүлүп, толук кандуу иштей баштоосун чыдамсыздык менен күтүп жатышканы айтылды. Алар бул аянтчаны аймактык деңгээлде ишкердикти өнүктүрүү жана инвестиция тартуудагы маанилүү инструмент катары баалашат.

Панелдик сессиялар менен катар, ишкерлер иш-чара өткөн жайдын фойесинде жеке консультацияларды алышты. Бул үчүн өнүктүрүү фонддорунун, мамлекеттик банктардын жана камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү менен атайын консультациялык зоналар уюштурулду.

Иш-чаранын форматы эксперттик баяндамаларды, суроо-жооп сессияларын жана жеке жолугушууларды камтыды. Бул ыкма актуалдуу мыйзам өзгөрүүлөрү боюнча маалымат алууга эле эмес, аймактардагы ишкерлер туш болгон көйгөйлөрдү белгилөөгө да мүмкүндүк берди.

Кербендин кийинки токтоочу жайлары: Баткен — 27-март, Нарын — 1-апрель, Каракол — 3-апрель, Талас — 8-апрель, Токмок — 10-апрель, Кара-Балта — 15-апрель, Бишкек — 16-апрель.

Уюштуруучулар JIA бизнес-ассоциациясы жана КР  Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы.  

Иш-чара КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Башкы прокуратурасынын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, КР УИА караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин, ошондой эле КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматы, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ), БУУӨП, ЕРӨБ колдоосу менен өткөрүлүүдө.