"Утро Live" НТС телеканалында бизнести агартуу Кербени тууралуу маек

Инвестициялык кеңештин катчылыгынын эксперти Чолпон Асакеева жана JIA Бизнес-ассоциациясынын эксперти Бакытбек Сартмаметов "Утро Live" программасында конокто болушуп, алдыдагы иш-чара жөнүндө маалымат беришти.

Эске сала кетсек, эмки жумада бизнести агартуу Кербени старт алат. Бул иш-чара салык жана эмгек мыйзамдарынын жаңы талаптарын, мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги бизнес колдоо чараларын, ошондой эле аймактарда туризмди өнүктүрүүгө байланыштуу саясатты түшүнүүгө жардам берет. Айрыкча, аймактардагы туризмди колдоо боюнча маалыматтар берилет.

Сизди эмне күтөт?

1 Жаңы салык талаптары жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу түшүндүрмө

2 Эмгек мамилелеринин жаңыланган талаптары жана кызматкерлердин укуктарын коргоо

3 Прокуратуранын көзөмөлү жана мониторинги – бизнес коргоо жана талаш-тартыштарды чечүү

4 Ишкерлерди жана инвесторлорду колдоого алынган мамлекеттик чаралар

5 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бизнес шарттарын жакшыртуу саясаты

6 Туризм тармагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана аймактардагы туризмди өнүктүрүү чаралары

7 Эксперттер менен жандуу талкуу жана актуалдуу суроолорго жооптор

Бизнеске агартуу кербени өлкөнүн 9 аймагында өтөт:

Жалал-Абад ш., 25-март

Ош ш., 26-март

Баткен ш., 27-март

Нарын ш., 1-апрель

Каракол ш., 3-апрель

Талас ш., 8-апрель

Токмок ш., 10-апрель

Кара-Балта ш., 15-апрель

Бишкек ш., 16-апрель

Төмөнкү шилтеме же QR код аркылуу катталыңыз: https://forms.gle/w8mfNjeEYvM6YytY8

Алдыңкы адистерден актуалдуу маалымат алууга мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!

Эфирди бул шилтеме аркылуу көрсөңүздөр болот