Инвестициялык Кеңештин Катчылыгы эксперттерди жумушка чакырат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгы бир катар Регионалдык инвестициялык кеңештердин (РИК) ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн эксперттерди жумушка тартуу боюнча жарыялайт.

Ачык вакансиялар:

  • (5) РИК катчылыгынын жетекчиси – катчылыктын ишин башкаруу, мамлекеттик органдар жана ишкердик чөйрөсү менен кызматташуу, жыйындарды уюштуруу, инвестициялык климатты мониторингдөө.
  • (5) Юридикалык эксперт – ишкердикти жана инвестицияларды жөнгө салуучу мыйзамдарды талдоо жана мониторингдөө, инвестициялык долбоорлорго укуктук колдоо көрсөтүү, бизнес жана мамлекеттик органдарга нормативдик-укуктук маселелер боюнча консультация берүү.
  • (5) Экономист / МЖӨ боюнча эксперт – инвестициялык климатты талдоо, экономикалык демилгелерди иштеп чыгуу, инвестициялык жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун коштоо.

Жумуш жайгашкан аймактар:
Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас облустары.

Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 24-марты.

Иш шарттары:

  • Толук жумуш күнү (контракт – 9 ай).
  • Региондордо инвестициялык климатты жакшыртууга таасир этүү мүмкүнчүлүгү.
  • Конкурстук эмгек акы.
  • Кесиптик өнүгүү жана билим алууга мүмкүнчүлүк.

Кантип арыз тапшыруу керек?
Резюмеңизди жана мотивациялык катыңызды (1 беттен ашпоого тийиш) Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.  дарегине жөнөтүңүз. Каттын темасында кайсы кызмат ордуна жана кайсы облуска документ тапшырганыңызды белгилеңиз.

Вакансиялар боюнча толук маалымат: https://drive.google.com/drive/folders/1ryfzef-jVB5WajY0a2nu0s0hSJV8oZ0T?usp=sharing

Кошумча суроолор боюнча: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Биздин командага кошулуп, Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климаттын өнүгүшүнө салым кошуңуз!