2025-жылдын 22–23-февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясатын ишке ашыруунун жаңы механизмдерин иштеп чыгууга арналган стратегиялык сессия өтүүдө. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын биргелешкен демилгеси болуп, БУУнун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) тарабынан колдоого алынган.
Стратегиялык сессиянын максаты – инвестициялык саясатты ишке ашыруунун эффективдүү механизмдерин иштеп чыгуу, аймактарга инвестицияларды тартуу, чакан жана орто инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде жаштар жана аялдар тарабынан ишке ашырылган демилгелерди колдоо, ошондой эле мамлекеттик органдар менен жеке сектордун ортосундагы координацияны бекемдөө.
Сессиянын негизги максаттары:
- Учурдагы инвестициялык саясаттын инструменттерин талдоо жана натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ишин өркүндөтүү жана аны мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн механизмдерин аныктоо;
- Регионалдык инвестициялык кеңештердин (РИК) жана шаардык РИКтердин инвестициялык саясаттын жаңы архитектурасындагы ордун аныктоо;
- Муниципалдык деңгээлде инвестицияларды колдоо жана жаңы стратегияларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Иш-чаранын программасы инвестициялык саясаттын учурдагы абалы жана чакырыктары боюнча презентацияларды, дискуссиялык жана иш сессияларын, стратегиялык чечимдерди иштеп чыгууну жана инвестициялык саясат боюнча жол картасын түзүүнү камтыйт.
Сессиянын модератору – стратегиялык пландоо боюнча эксперт Азамат Дикамбаев.
Иш-чаранын жыйынтыгында инвестициялык саясатты өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча аналитикалык документ даярдалат.
Кыргызча
English
Русский