Кыргыз Республикасындагы электрондук соода жаатындагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар

Бишкек, 20-февраль күнү Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы мыйзамдарынын актуалдуу өзгөрүүлөрү жана алардын электрондук соода тармагына тийгизген таасири боюнча эл аралык конференция болуп өттү. Иш-чара Улуттук Бизнес Ассоциациялар Альянсы (НАБА) тарабынан, Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин колдоосу жана негизги тармактык ассоциациялар менен мамлекеттик органдардын катышуусу менен уюштурулду.

Бажы жөнгө салуусундагы реформалар

Конференциянын жүрүшүндө эксперттер ЕАЭБдин Бажы кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөрдү талкуулашты. Алардын максаты – санариптик сооданы өнүктүрүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрү жаңы эрежелер онлайн соода аянтчалары менен чек ара аралык жеткирүүлөр үчүн бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти. Бул өзгөчө Кыргыз Республикасынын ишкерлерине маанилүү.

«Бүгүнкү дүйнөлүк экономикадагы негизги кыймылдаткыч күчтөрдүн бири – санариптештирүү жана электрондук соода. Бүгүнкү конференция мыйзамдагы өзгөрүүлөрдү гана эмес, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, логистиканын өнүгүшүн жана соода шарттарынын жакшыртылышын карайт», – деп белгиледи Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев.

Кыргыз Республикасындагы электрондук соода

Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясынын маалыматы боюнча, 2024-жылы өлкөдөгү электрондук соода рыногунун көлөмү 359 миллион долларга жетип, чекене товар жүгүртүүнүн 6,35% түздү. Болжолдор боюнча, 2028-жылга чейин бул көрсөткүч 595,7 миллион долларга чейин өсүп, жылдык өсүү 14,3% деңгээлинде сакталат. Бирок эксперттер санариптик соода потенциалын толук ачуу үчүн мыйзам базасын өркүндөтүү жана логистика менен санариптик платформаларга инвестиция салуу керектигин белгилешүүдө.

Конференция мамлекеттик органдар, бизнес жана эл аралык уюмдар ортосунда конструктивдүү диалог түзүүгө шарт түздү. Панелдик сессиялардын жүрүшүндө бажы жөнгө салууларын жөнөкөйлөтүү жана электрондук коммерциянын өсүшүн колдоо боюнча конкреттүү сунуштар айтылды.

Иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөткөн Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш инвестициялар жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча ишти улантууда. Кеңештин катчылыгы мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулук менен мындан аркы талкууларга ачык жана электрондук сооданы колдоо механизмдерин иштеп чыгуу боюнча аракеттерди улантууну сунуштайт.