Жашыл экономика жана ишкердикти колдоо

11-февралда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын аянтчасында "Жашыл Альянс KG" юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу директору Бермет Каниметова жана Катчылыктын эксперти Чолпон Асакеева менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө "Жашыл Альянс" менен Инвестициялык кеңештин 2025-жылга карата пландары, туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика жаатындагы актуалдуу чакырыктар, ошондой эле чакан жана орто бизнести (ЧОБ) жеңилдетилген насыялоо маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл экологиялык туруктуу долбоорлорду ишке ашырган ишкерлерди колдоонун механизмдерине бурулду. Глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн жана экономикалык трансформациянын шарттарында ишкерлердин жаңы реалдуулукка адаптацияланышына жана инновациялык чечимдерди киргизишине жардам бере турган каржылык инструменттерди иштеп чыгуу маанилүү экени белгиленди.

Инвестициялык кеңештин катчылыгы жана "Жашыл Альянс KG" жашыл инвестицияларды тартуу, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, экологиялык ишкердикти колдоо жана Кыргызстанда туруктуу өнүгүү принциптерин жайылтуу боюнча кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашышты.

Бул багыттагы иштер улантылып, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана чакан жана орто бизнести колдоо максатында биргелешкен иш-чаралар өткөрүлмөкчү.