Кыргыз-кытай кызматташтыгы: мамлекеттик сапардын жыйынтыктары жана инвестициялык келечек

Понедельник, 10 Февраль 2025 10:18

2025-жылдын 4-7-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапар менен барды. Бул сапар эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин дагы бир жолу тастыктады. КЭР Төрагасы Си Цзиньпин жана Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян менен болгон жолугушууларда соода-экономикалык, инвестициялык жана инфраструктуралык кызматташтык боюнча негизги маселелер талкууланды.

“Ала-Тоо 24” мамлекеттик телеканалынын “Ала-Тоо Live” программасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев түз эфирде маек куруп, мамлекеттик сапардын маанилүү жыйынтыктарын талкуулады.

Улук Кыдырбаев белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен Кытайдын кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгып, реалдуу экономикалык өзгөрүүлөрдү жаратууда. Мурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр негизинен стратегиялык жана саясий мүнөзгө ээ болсо, бүгүнкү күндө биз ишке ашып жаткан жана соңку макулдашуулардан өтүп жаткан конкреттүү инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду көрүп жатабыз.

Өлкөнүн экономикасын өзгөрткөн негизги долбоорлор

"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолу

20 жылдан ашуун убакыттан бери пландаштырылып келген бул долбоор активдүү ишке ашырылуу стадиясына өттү. Бул темир жол Борбордук Азияны Жакынкы Чыгыш жана Европа менен байланыштыра турган маанилүү транспорттук коридор болуп, жүк ташууларды тездетип, жаңы логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле, долбоор миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүп, аймактардын өнүгүүсүнө түрткү берет.

Соода жүгүртүүнү кеңейтүү жана соода инфраструктурасын жакшыртуу

Кытай Кыргызстандын ири соода өнөктөшү бойдон калууда, ал эми 2024-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү рекорддук 22,71 миллиард АКШ долларына жетти. "Торугарт" жана "Иркештам" чек ара өткөрмө пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү жакшыртылып, алар 24/7 режиминде иштей баштады, бул кыргыз ишкерлери үчүн соода жүргүзүүнү кыйла жеңилдетет.

Чек ара соодасын жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү

"Эки өлкө – эки парк" долбоору чек ара соодасын, санариптик соода платформаларын жана Кыргызстандын продукциясын Кытай рыногуна экспорттоону кеңейтүүгө шарт түзөт. Бул демилге экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүп, кыргызстандык товарларды эл аралык рынокко чыгарууну жеңилдетет.

Энергетика жана инфраструктурага инвестиция

Баткен облусунда 300 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу боюнча долбоор Кытайдын "Кыргыз Гуанда жаңы энергия" компаниясынын катышуусунда ишке ашууда. Бул жашыл энергетиканы өнүктүрүү жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн маанилүү кадам.

Мындан тышкары, "Түндүк-Түштүк" автожолунун курулушунун аяктоосу өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ, анткени ал түштүк жана түндүк аймактарды бири-бири менен байланыштыруучу негизги транспорттук артерия болот.

Улук Кыдырбаев белгилегендей, кыргыз-кытай мамилелериндеги өзгөрүүлөр өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Жогорудагы долбоорлор экономикалык туруктуулукту бекемдөөгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана ишкердик үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга көмөкчү болот.

Кытай менен өнөктөштүк Кыргызстанды глобалдык экономикалык процесстерге активдүү интеграциялоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Өзгөчө "Бир алкак – бир жол" демилгеси Евразия аймагында жаңы транспорттук жана логистикалык маршруттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргызстан жана Кытай узак мөөнөттүү кызматташтыкты жана жогорку деңгээлдеги ишенимди камсыз кылган өнөктөштөр катары биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда. Бул кызматташтык эки өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн гана эмес, Борбор Азиядагы туруктуулукту жана аймактык интеграцияны да бекемдейт.