15-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгында, мурда 2023-жылдын 11-февралындагы болуп өткөн Инвестициялык кеңештин отурумунда кабыл алынган чечимдерге мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жана МЖӨ борборунун жооптуу кызматкерлери Инвестициялык кеңештин чечимдеринин пункттары боюнча такталган маалыматтарды беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Инвестициялык кеңештин отурумунда кабыл алынган чечимдерди өз убагында жана так аткарууну, ошондой эле, Катчылыктын диалог платформасында демилгечилердин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда кароону талап кылган маселелер боюнча суроолорду Кеңештин катчылыгына өз убагында берүү зарылдыгын талкуулашты.