Инвестициялык кеңештин катчылыгы “ООР КҮНДҮН КЕЧИ” программасында

5-октябрда Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, Инвестициялык кеңештин катчылыгынын экономика жана МЖӨ боюнча башкы эксперти Айдин Шаршеев жана Инвестициялык кеңештин катчылыгынын укуктук маселелери боюнча башкы эксперти Бакытбек Самаков катышуусунда “ООР КҮНДҮН КЕЧИ” программасында түз эфирде конок болушту. Программада коноктор менен алып баруучунун ортосунда динамикалык талкуу болду.
Талкуунун темасы мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосунда натыйжалуу мамлекеттик-жеке диалогду түзүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүнө байланыштуу болуп, бул диалогду түзүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Инвестициялык кеңештин маанилүү ролу баса белгиленди.
TV1KG каналынын жамаатына эфирге чакырганы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Кеңеш тууралу айтып берүүгө биз дайым ачыкпыз. Дал ушундай конструктивдүү диалог аркылуу биз бакубат келечекке жол ачабыз.
Инвестициялык кеңештин катчылыгы менен жаңы кызыктуу маектер жана жемиштүү кызматташуу тууралуу кабардар болуп туруу үчүн биздин жаңылыктарга көз салып туруңуздар. Өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүдөгү Сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз.
Программа төмөнкү шилтеме аркылуу https://www.youtube.com/watch?v=217ahI-quD8&t=2277s