Кеңештин катчылыгынын бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Консультативдик жолугушуу: мамлекеттик-жеке диалог платформасын өнүктүрүүнүн келечеги

2023-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү – Инвестициялык кеңештин мүчөлөрү менен консультативдик жолугушуусу болуп өттү.

Консультативдик жолугушуунун максаты мамлекеттик-жеке диалогдук платформасын андан ары өнүктүрүүнү талкуулоо, ошондой эле жолугушуунун катышуучуларына бизнес чөйрөнү, инвестициялык климатты жакшыртуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмдерин пайдалануу боюнча идеяларды жана сунуштарды айтууга мүмкүнчүлүк берүү болду.

Катчылыктын жетекчиси – Кеңештин катчысы Улук Кыдырбаев жыйындын катышуучуларына Кеңештин максаттары жана милдеттери, Инвестициялык кеңештин катчысынын жана катчылыгынын негизги функциялары менен тааныштырды. Ошондой эле Кеңештин 16 жыл ичиндеги негизги жетишкендиктери, Кеңештин натыйжалуу иштөөсү боюнча жаңы пландары менен бөлүшүп, Катчылыктын жаңы курамы менен тааныштырды.

Улук Кыдырбаев ошондой эле Катчылыктын алдында Кеңештин эффективдүү ишмердүүлүгүн камсыз кыла турган беш консультативдик топ түзүлөөрүн билдирди.

Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинине караштуу  Инвестициялык кеңештин жана анын катчылыгынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча катышуучулар тарабынан көтөрүлгөн маселелерди угуп жана талкуулап, Улук Кыдырбаев алдыда басым жасала турган төмөнкү багыттарды билдирди:

- бизнес коомчулугун колдоо жана өнүктүрүү

- бизнес-коомчулук тууралу маалымдуулукту жогорулатуу

- Кеңештин чечимдерин аткаруунун натыйжалуу механизми

- мурда киргизилген демилгелерге мониторинг жүргүзүү

- туура диалог куруу

- региондордо мамлекеттик-жеке диалогдун ролун күчөтүү

- консультациялык топтордун ишин күчөтүү

Жыйынга отуздан ашык бизнес-ассоциациялардын мүчөлөрү, ассоциациялардын аймактагы өкүлдөрү ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.