Инвестициялар жана эл аралык капитал базарлары: Улук Кыдырбаев еврооблигациялар боюнча практикалык форумда Кеңештин көз карашын сунуштады

2-декабрда Бишкек шаарында өткөн «Еврооблигация чыгаруу: теориядан практикасына чейин» аттуу практикалык форумдун алкагында «Инвестициялар жана эл аралык капитал базарлары» деген панелдик сессия уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, инвестициялык чөйрөнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Улук Кыдырбаев Кеңештин негизги милдети — инвестициялык күн тартибин талкуулоо менен чектелбестен, капитал тартуунун туруктуу архитектурасын куруу экенин баса белгиледи. Бул — бизнес үчүн алдын ала түшүнүктүү жана туруктуу ченемдерди түзүү, инвесторлордун укугун коргоо, ошондой эле эл аралык рынокторду кызыктыра турган сапаттуу долбоорлордун портфелин калыптандыруу дегенди түшүндүрөт. Ал белгилегендей, өлкөнүн суверендик еврооблигацияларын ийгиликтүү чыгаргандан кийин, кийинки логикалык кадам — ири компаниялар менен финансы институттарынын тышкы рынокко чыгышына шарт түзүү.

Сессияда инвесторлордун күтүүлөрү жана ачык-айкындуулукка болгон талаптар да талкууланды: сапаттуу отчеттуулук, түшүнүктүү карыз саясаты, ESG ыкмалары жана тобокелдиктерди системалуу башкаруу. Бул багытта S&P Global Ratings уюмунун Борбордук жана Чыгыш Европадагы өлкөлөрүндөгү коммерциялык бөлүмүнүн жетекчиси Елена Елисеенко туруктуу кредиттик тарыхтын, мамлекетйдин алдын ала божомолдого мүмкүн болгон саясатынын жана компаниялардын рынок менен ачык коммуникациясынын маанисин белгиледи.

Катышуучулар Кыргызстанда туруктуу корпоративдик заёмдор рыногун калыптандыруу үчүн зарыл болгон институционалдык кадамдарды талкуулашты. Алардын ичинде:

  • ички капитал базарын өнүктүрүү;
  • жөнгө салууну жакшыртуу;
  • улуттук институттардын ролун күчөтүү;
  • эл аралык каржы уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү.

Дискуссиянын жыйынтыгында Кеңештин Катчылыгы мамлекеттик органдар, бизнес жана эл аралык инвесторлор ортосундагы маанилүү байланыш звеносу катары иштөөнү улантууга даяр экенин билдирди. Максат — түшүнүктүү жана туруктуу эрежелерди түзүү, сапаттуу долбоорлорду алдыга жылдыруу жана кыргыз компанияларынын эл аралык капитал базарларына чыгышы даяр, негизделген жана ырааттуу процесс болушуна шарт түзүү.