Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) инвестицияларды жеңилдетүү боюнча жаңы эл аралык келишимине кошулуу багытында даярдык иштерин баштады. ыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги Эл аралык соода борбору жана Европа Биримдигинин колдоосу менен «Ready4Trade Борбор Азия: Транскаспий багыты аркылуу өнүгүүгө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында улуттук өзүн-өзү баалоону (валидацияны) талкуулоого арналган семинарды уюштурууда.
Бул келишим инвесторлор туш болгон бардык процесстердин ачык-айкын болушун, ыңгайлуулукту жана алдын ала божомолдоону камсыздоону көздөгөн заманбап эл аралык механизм болуп саналат. Ал рынокко кирүү шарттарын же инвестицияны коргоо маселелерин жөнгө салбайт. Негизги багыт – мамлекет инвестициялык ишмердикке байланышкан кызматтарды жана процедураларды кантип аткарары: маалыматты кантип жеткиликтүү жарыялайт, арыздарды канчалык ыкчам карайт, ведомстволор ортосундагы координация канчалык түзүмдүү, санарип кызматтар кандай өнүккөн жана бюрократия кандай деңгээлде кыскартылган.
Келишимге кошулуу Кыргызстан үчүн улуттук системаларды дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келтирүү, мамлекеттик органдар менен бизнес чөйрөсүнүн ортосундагы ишенимди бекемдөө, инвестициялык климатты жакшыртуу жана эл аралык өнөктөштөрдүн техникалык жардамына кеңири мүмкүнчүлүк алуу дегенди түшүндүрөт.
Жумушчу топ жана улуттук өзүн-өзү баалоо
Даярдык иштеринин алкагында 500дөн ашуун суроону камтыган атайын баалоо куралын изилдеген ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Бул суроолор мамлекеттин инвесторлор менен иштешүүсүнө тиешелүү бардык тармактарды камтыйт: мыйзамдардын жарыяланышынын жеткиликтүүлүгү, «бирдиктүү терезенин» иштеши, ведомстволор ортосундагы өз ара аракеттенүү, санарип кызматтардын деңгээли, ошондой эле бизнес менен үзгүлтүксүз пикир алмашуу механизмдери.
Аталган иштин жыйынтыгында улуттук өзүн-өзү баалоо даярдалып, кайсы багыттар дүйнөлүк мыкты тажрыйбага жооп берерин, кайсы жерлерде боштуктар бар экенин жана кайсы реформалар биринчи кезекте жүзөгө ашырылышы керектигин аныктаган объективдүү документ түзүлдү.
Валидация семинары
Азыр өтүп жаткан семинар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жана эл аралык эксперттерди бириктирип, улуттук баалоонун жыйынтыктарын тактап, зарыл болгон кошумчалоолорду киргизүүгө мүмкүндүк берүүдө. Дал ушул талкуулар өлкөнүн кийинки кадамдарын жана реформалык приоритеттерди аныктоого негиз түзөт.
Иш-чарага Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгы дагы активдүү катышууда. Катчылык – бизнес коомчулугунун сунуштары, реформаларга болгон муктаждыктары жана мамлекеттик органдар менен натыйжалуу диалог жүргүзүлчү негизги аянтча.
Келишимге кошулуу өлкөгө эмне берет
Бул келишимге кошулуу инвесторлор менен иштөөдө ачык, түшүнүктүү, заманбап жана ырааттуу системаны калыптандырууга өбөлгө түзөт. Бул — сапаттуу жана жеткиликтүү маалымат, санарип кызматтардын кеңейиши, так регламенттелген жана алдын ала белгиленген процедуралар, мамлекеттик органдардын ортосунда натыйжалуу координация жана административдик тоскоолдуктардын азайышы дегенди билдирет.
Өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн өтүү мезгилдери жана техникалык жардам көрсөтүү механизмдери каралган. Ушундай шартта объективдүү улуттук баалоо Кыргыз Республикасына кайсы талаптарды дароо аткарууга болорун, ал эми кайсылары кошумча ресурстарды жана убакытты талап кыларын так аныктоого жардам берет.
ДСУнун бул жаңы келишимине кошулуу – жөн гана формалдуу кадам эмес. Бул – өлкөнүн инвестициялык климатын сапаттуу жакшыртууга, административдик кызматтарды жана санарип системаларды жаңылоого, ошондой эле бизнес менен мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүн жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү процесс.
Улуттук өзүн-өзү баалоо жана анын валидациясы — мамлекеттеги инвестициялык системаны модернизациялоонун жаңы этабынын башталышы болуп саналат.
Кыргызча
English
Русский