Урматтуу кесиптештер,
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Сиздердин эмгегиңиздер мамлекет менен бизнес коомчулугу жана жарандар ортосундагы ачык диалогду чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ. Ишиңизге берилгендигиңиздер үчүн коомчулук өлкөдө болуп жаткан эң маанилүү процесстер тууралуу так, объективдүү жана өз убагында маалымат алууда.
Сиздер бийлик менен жарандар ортосундагы ишенимди, ачыктыкты жана өз ара түшүнүшүүнү калыптандыруучу маанилүү көпүрө болуп саналасыздар.
Экономикалык реформаларга, ишкердикти өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга байланышкан маалыматтарды жайылтууга көмөк көрсөтүп жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Сиздерге чыгармачылык жана кесиптик ийгилик, бекем ден соолук каалайбыз!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы
Кыргызча
English
Русский