Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин Катчылыгы улуттук өнөктөштөр менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан масштабдуу экологиялык “Жашыл мурас” – “Жашыл мурастар” жалпы улуттук акциясына катышты.
Бул акциянын алкагында, Кыргызстандагы БУУӨПтүн (ПРООН) колдоосу менен, 2025-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарындагы “Ак-Орго” паркында уюмдун 60 жылдык мааракесине арналган 60 түп көчөт отургузуу аземи болуп өттү. “Жашыл мурас” акциясы өлкө аймагын көгөлдөтүүгө, токойлорду калыбына келтирүүгө жана экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө багытталып, азыркы учурда бүт Кыргызстанды камтып келе жатат.
Кеңештин Катчылыгы мындай иш-чаралар мамлекеттин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өнөктөштүгүнүн символу экенин белгилейт. Катчылыктын катышуусу өлкөнүн экологиялык күн тартибине жана туруктуу өнүгүү максаттарына берилгендигин баса белгилейт.
Биз Кыргызстандагы БУУӨПкө, Тышкы иштер министрлигине, Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясына иш-чараны биргелешип уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Отургузулган көчөттөр Кыргыз Республикасынын жана жалпы планетанын келечеги үчүн биргелешкен жоопкерчилигибиздин тирүү символуна айланат деген ишенимдебиз.
Кыргызча
English
Русский