Өткөн жумада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгында өлкөдө өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу демилгеси талкууланды.
Жолугушууга Катчылыктын жетекчиси У.А. Кыдырбаев, укуктук маселелер боюнча башкы эксперт Б.Т. Самаков, экономикалык маселелер боюнча башкы эксперт А.О. Мусабеков, ошондой эле Инвестициялык кеңештин мүчөлөрү — Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү тармактарынын ишканаларынын ассоциациясынын президенти С.В. Понамарев, КР Салык кеңешчилери палатасынын башкармалыгынын төрагасы Т.М. Ким жана Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсы (НАБА)нын катчылыгынын жетекчиси И.Д. Гелетюк катышты.
Талкуунун негизги темасы аталган демилгенин бизнес-чөйрөнү жакшыртуудагы мааниси болду, өзгөчө бюрократияны азайтуу, ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана ишкерлердин мамлекеттик органдар менен өз ара аракетин жеңилдетүү жагынан.
Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар — бул мамлекет айрым жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү функцияларды ыйгарым укук берген ишкерлердин (тармактык же кесиптик) бирикмелери. Жолугушууда “өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар” институтун киргизүү бизнес-коомчулуктун өз тармагын жөнгө салууга активдүү катышуусуна шарт түзүп, ашыкча бюрократияны азайтууга өбөлгө болоору белгиленди.
Кээ бир мамлекеттик функцияларды тармактык ассоциацияларга өткөрүп берүү (мисалы, сертификаттоо, категория берүү, талаптарды сактоону көзөмөлдөөгө катышуу) бизнеске жана мамлекеттик органдарга болгон административдик жүктү кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.
Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар катары таануу үчүн аккредитация механизмдерин жана бизнес-ассоциациялардын кеңири катышуусун камсыз кылуу - ассоциациялар ортосундагы атаандаштыкты сактап, кызыкчылыктар тең салмактуулугун камсыз кылууга багытталат.
Катышуучулар өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар боюнча заманбап ченемдик укуктук базаны түзүү өз убагында жана Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн маанилүү кадам экенин белгилешти.
Инвестициялык кеңештин Катчылыгы ӨЖУ боюнча ченемдик укуктук актылары долбоору боюнча ишти улантат - тармактык бизнес-ассоциациялардын катышуусу жана жолугушуу учурунда айтылган сунуштар эске алынат.