Ош облусундагы РИС жер-жерлердеги ишмердүүлүгүн күчөтүүдө

2025-жылдын 23–24-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдында түзүлгөн Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИС) Катчылыгы ишкерлер менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган бир катар иш-чараларды өткөрдү.

23-июль күнү Полпреддин имаратында РИСтин Катчылыгынын «Ачык эшиктер күнү» өттү. Ага жарандык коомдун активисттери, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү, жаштар жана аялдар уюмдарынын мүчөлөрү, ошондой эле жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын максаты — РИСтин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, инвесторлорду жана ишкерлерди региондун социалдык-экономикалык өнүгүү артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдоо, Ош облусунда ишке ашырылган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун сунуштоо, ошондой эле бизнеске практикалык укуктук суроолор боюнча кеңеш берүү болду. Иш-чара түз диалог форматынын, сунуштарды чогултуунун жана кайра байланыштын маанилүүлүгүн көрсөтүп, катышуучуларга өз көйгөйлөрүн айтып, РИСтин адистеринен кесиптик жоопторду алууга мүмкүнчүлүк түздү. Бул күн жергиликтүү коомчулук менен мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана координацияны чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болду.

24-июль күнү Ош облусундагы РИС Катчылыгы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана алардын орун басарлары, ошондой эле чакан жана орто бизнестин (ЧӨБ) өкүлдөрү менен маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуусун өткөрдү. Жолугушууга Кара-Суу райондук администрациясынын экономика жана аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы катышып, бул иш-чарага жергиликтүү бийликтин инвестициялык активдүүлүктү жогорулатууга болгон кызыгуусун тастыктады.

РИСтин адистери мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизминин маңызы, укуктук негиздери жана артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат беришти. Өзгөчө көңүл МЖӨ долбоорлорун жергиликтүү деңгээлде ишке ашыруунун практикалык аспектилерине бурулду. МЖӨ инфраструктура, билим берүү, саламаттык сактоо жана турак жай-коммуналдык тармактарында инвестиция тартуунун эффективдүү куралы катары белгиленди.

Катышуучулар жергиликтүү ишкерлерди МЖӨ долбоорлорун демилгелөөгө чакырып, бул механизмдин узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү, тобокелчиликтерди бөлүштүрүү жана мамлекеттик колдоого ээ болуу сыяктуу ишкерлер үчүн кошумча кепилдиктерди камсыз кылары белгиленди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Ош облусунун инвестициялык-бизнес картасынын жакын арада ачылаары жарыяланды. Бул санариптик платформада жеткиликтүү инвестициялык участоктор, келечектүү долбоорлор, инфратүзүм жана ишкерлер үчүн актуалдуу сунуштар камтылмакчы. Бул демилге өзгөчө райондук жана айылдык деңгээлде мамлекеттик органдар менен ишкер чөйрөнүн өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетет деп күтүлүүдө.

Жыйынтыгында катышуучулар пайдалуу жана мазмундуу маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, РИС менен мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдиришти.