Регионалдык инвестициялык кеңештердин катчылыктары үчүн үч күндүк стратегиялык семинар аяктады

2025-жылдын 12-14-июнунда Регионалдык инвестициялык кеңештердин (РИК) катчылыктарынын кызматкерлери, Улуттук инвестициялар агенттигине караштуу МЖӨ борборунун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын өкүлдөрү үчүн үч күндүк стратегиялык семинар болуп өттү.

Семинардын программасы РИК командаларынын аймактардагы инвестициялык климатты жакшыртуу, инвестициялык долбоорлорду коштоо жана бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосунда конструктивдүү диалог түзүү багытында натыйжалуу иш алып баруусу үчүн зарыл болгон негизги компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган.

Алгачкы эки күндүн ичинде стратегиялык пландоо жана каржылык башкаруу боюнча эксперт Азамат Дикамбаев аймактык экономиканын өнүгүшүндөгү РИКтин ишенимдүү жана туруктуу институт катары ролуна, бизнес жана инвесторлор үчүн баалуу сунуштарын түзүүгө арналган интенсивдүү сессияларды өткөрдү. Айрыкча көңүл РИКтин ишинин артыкчылыктуу багыттарына — нормативдик укуктук актыларды (НУА) демилгелөө, инвестициялык долбоорлорду коштоо, консультациялык колдоону жана аналитикалык функцияны өнүктүрүү маселелерине бурулду. Бизнес-моделдерди түзүү тажрыйбасын колдонуу аркылуу катышуучулар региондо Кеңештин позициясын туура түзүү жана бизнес, инвесторлор, мамлекеттик органдар үчүн кандай реалдуу баалуулуктарды түзүү керектигин терең түшүнүштү.

Үчүнчү күнү Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кызматкерлери РИК командаларынын практикалык компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган бир катар сессияларды өткөрүштү. Эртең мененки бөлүгүндө Кеңештин ишин пландоо маселелери талкууланды: РИКтин так жана макулдашылган иш планын түзүүнүн мааниси, аны иштеп чыгуу этаптары, планга камтылышы керек болгон максаттар, милдеттер жана күтүлгөн натыйжалар. Ар бир регионалдык катчылык өзүнүн алдын ала иштелип чыккан планын сунуштады.

Кийинки бөлүгүндө РИКтин жыйындарын даярдоо жана өткөрүү боюнча практикалык аспектилер каралды. Күн тартибин түзүү, дискуссияларды натыйжалуу модерациялоо, протоколдорду даярдоо жана протоколдук тапшырмаларды аткарууну мониторинг жүргүзүү маселелери терең талкууланды. Реалдуу кейстердин негизинде катышуучулар чечимдерди формулировкалоо жана РИК мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен ишти уюштуруу боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү.

Күндүн экинчи жарымында РИКтин ишмердүүлүгүн ачык-айкындуулугун жана таанымалдуулугун жогорулатуу үчүн маалымат булактарын жана коммуникациялык инструменттерди натыйжалуу колдонуу маселелери каралды. Ошондой эле мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби — ыйгарым укуктуу байланыштуу өкүлдөр аркылуу, консультациялык топтор жана электрондук документ жүгүртүү боюнча процесс толук изилденди.

Семинар РИК катчылыктарынын кесиптик потенциалын өнүктүрүүдө жана алардын регионалдык деңгээлдеги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк диалогунун активдүү катышуучулары катары ролун бекемдөөдө маанилүү этап болду.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы, Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана Улуттук инвестициялар агенттигине караштуу МЖӨ борбору ортосундагы үч тараптуу кызматташтык келишиминин алкагында өткөрүлдү.