Регионалдык инвестициялык кеңештердин Катчылыктары ишке кирди: жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү күчөтүүнүн жаңы этабы

Кыргыз Республикасынын аймактарында Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн алдында Регионалдык инвестициялык кеңештердин (РИК) Катчылыктары толук кандуу ишин башташты. Алардын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт.

Ысык-Көл облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештин катчылыгынын курамын расмий таанытуу иш-чарасы өттү. Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев катчылыктын командасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Карагулович Арпачиевге тааныштырды.

Регионалдык инвестициялык кеңештердин башкы максаты — мамлекеттик органдар менен ишкерлер ортосунда туруктуу диалог жүргүзүү үчүн аянтча түзүү, келечектүү инвестициялык жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун коштоо, өнөктөштөрдү табууга көмөктөшүү, инвесторлорду консултациялоо жана артыкчылыктуу демилгелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү болуп саналат. РИКтер ошондой эле аймактык инвестициялык хабдарга — каржылоо, укуктук жана экономикалык экспертиза, салык салуу, маркетинг жана тышкы рынокторго чыгуу боюнча жардам бере турган компетенция жана адистик колдоо борборлоруна айланышы керек.

РИКтердин катчылыктарын түзүү жана ишке киргизүү иштери Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестиция агенттигине караштуу МЖӨ борбору менен түзүлгөн үч тараптуу кызматташтык келишиминин алкагында жүзөгө ашырылууда.

Ысык-Көл облусундагы Регионалдык инвестициялык кеңештин Катчылыгынын Мирлан Сабыров жетектейт. Командага экономикалык маселелер боюнча эксперт жана МЖӨ боюнча адис, ошондой эле укуктук маселелер боюнча эксперт кирет.

Жакынкы убактарда өлкөнүн башка аймактарында да РИКтердин Катчылыктарынын командалары сунушталат. Бул аймактардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдей өнүгүшүнө шарт түзөт, жергиликтүү ишкерлердин демилгелерин колдоону күчөтөт жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн куралдарын жеринде активдүү колдонууга өбөлгө болот.