2025-жылдын 8-апрелинде Талас шаарында «Бизнес агартуу кербенинин» кезектеги баскычы өтүп, мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосунда ачык диалог форматындагы жолугушуу уюштурулду. Иш-чарага 120дан ашык катышуучу келип, алардын арасында мамлекеттик органдар, чакан жана орто бизнес өкүлдөрү болду.
Саламдашуу сөздөрдү ЖИА Талас филиалынын директору, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын жетекчиси, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат башчысы жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү сүйлөштү.
Катышуучуларга текшерүүлөрдүн тартиби, Эмгек кодексиндеги негизги өзгөрүүлөр, милдеттүү турак жай камсыздандыруу шарттары тууралуу маалыматтар берилди. Өзгөчө көңүл бурулган темалардын бири — өрт жана жаратылыш кырсыктарынан турак жайды милдеттүү камсыздандыруу болду. Жер титирөөдө төлөнө турган компенсация көлөмү жана анын шарттары кызуу талкууланды.
Панелдик сессияларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бизнеске көмөктөшүү ролу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (ГЧП) механизмдери жөнүндө маалымат берилди. Туризмди өнүктүрүү маселеси, аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, Таластын мисалында каралды. 2025–2030-жылдарга карата өлкөлүк программа сунушталып, туризм тармагына көбүрөөк инвестиция тартуу боюнча сунуштар айтылды.
Мамлекеттик банктар жана өнүктүрүү фонддору ишкерлерди каржылык мүмкүнчүлүктөр менен тааныштырып, күнү бою ар бир каалоочу жеке консультация алууга мүмкүнчүлүк алды.
Салык кодексиндеги өзгөрүүлөр да ишкерлерди кызыктырып, региондор үчүн бирдиктүү салык режими, буурчак экспортчулары үчүн жеңилдетүүлөр сунушталды. Мамлекеттик салык кызматкерлеринин консультация сапаты боюнча ачык рейтинг түзүү демилгеси көтөрүлдү.
Ошондой эле, ККМ колдонуу, патенттик система, нөлдүк отчетторду тапшыруу жана коомдук тамактануу жайларынын салыктык тартиби боюнча маселелер көтөрүлдү. Юридикалык жактар менен жеке ишкерлерди жоюу тартибин жөнөкөйлөтүү жана санариптик төлөмдөрдү жайылтуу сунуштары айтылды.
Панелдик сессиялар менен катар ишкерлер театрдын фойесинде жеке консультацияларды алышты. Бул үчүн өнүктүрүү фонддорунун, мамлекеттик банктардын жана камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү менен консультациялык зоналар уюштурулду.
Иш-чаранын форматы эксперттик баяндамаларды, суроо-жооп сессияларын жана жеке жолугушууларды камтыды. Мындай ыкма актуалдуу мыйзам өзгөрүүлөрү боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга гана эмес, жер-жерлерде ишкерлер туш болгон реалдуу көйгөйлөрдү белгилөөгө мүмкүндүк берди.
Кербендин кийинки токтоочу жайлары: Токмок — 10-апрель, Кара-Балта — 15-апрель, Бишкек — 16-апрель.
Уюштуруучулар JIA бизнес-ассоциациясы жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы.
Иш-чара КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Башкы прокуратурасынын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, КР УИА караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин, ошондой эле КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматы, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ), БУУӨП, ЕРӨБ колдоосу менен өткөрүлүүдө.