Азиза Юлдашева Кыргызстанда аялдардын ишкердигин өнүктүрүү тууралу

Акыркы жылдары Кыргызстанда аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, бул гендердик теңдикке жана туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүүнүн маанилүү кадамы катары каралууда. Аялдарды ишкердикте колдоо – социалдык адилеттүүлүктүн гана эмес, өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн да маанилүү ресурсу.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул мыйзам аялдардын ишкердик ишмердүүлүгүн мамлекеттик колдоону күчөтүүгө багытталган. Анын негизги максаты – каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, аялдардын жумуш менен камсыз болушу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана алардын ар кандай экономикалык секторлордо активдүү катышуусун камсыз кылуу.

Инвестициялык кеңештин катчылыгы үчүн берилген интервьюда, "Жер Азыгы" Агробизнес ассоциациясынын президенти, "Демилгелүү Айымдар" аялдардын ишкердигин өнүктүрүү коалициясынын төрайымы жана Инвестициялык кеңештин активдүү мүчөсү Азиза Узгеновна Юлдашева, өлкөдөгү аялдардын ишкердиктеги ролу, алар туш болгон кыйынчылыктар жана жаңы мыйзамдык демилгелердин аялдардын ишкердигине тийгизе турган таасири тууралуу өз ой-пикирин бөлүштү.

1. Кыргызстан экономикасында аялдардын ролун кандай баалайсыз? Алар кайсы тармактарда көбүрөөк активдүү?

Кыргызстандагы аялдардын экономикалык потенциалы жетиштүү деңгээлде колдонулбай келет. Эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээли 43%дан ашпайт.

Аялдар кичине ишканалардын жетекчилеринин болгону 30,6%ын гана түзөт, ал эми гендердик тең салмактуулук соода секторунда гана жетишилген (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча).

Аялдар негизинен кирешеси төмөн тармактарда иштейт, алар саламаттыкты сактоо, билим берүү, кол өнөрчүлүк, тигүү өнөр жайы жана соода сыяктуу салттуу «аялдарга таандык» деп эсептелген тармактарда көбүрөөк активдүү.

2. Кыргызстанда аял ишкерлер туш болгон негизги кыйынчылыктар кайсылар жана аларды кантип жеңсе болот?

Аял ишкерлер үчүн негизги кыйынчылыктардын бири – үй-бүлөнүн колдоосунун жана түшүнүүсүнүн жетишсиздиги. Ишкердик менен үй-бүлөлүк милдеттерди айкалыштыруу кыйын, анткени үй чарбасындагы жоопкерчиликтер негизинен аялдардын мойнунда.

Аялдар эркектерге караганда 1,7 эсе көп учурларда бизнесин жапканга аргасыз болушат, анткени убакыттын жетишсиздигинен улам үй-бүлөлүк милдеттерин аткарууга басым жасоого туура келет.

Негизги көйгөйлөрдүн бири – бала тарбиялоо маселеси. Кыргызстанда балдардын болгону 28%ы гана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барат, бул көптөгөн аялдар үчүн ишке чыгуу мүмкүнчүлүгүн азайтат.

Бирок оң өзгөрүүлөр да бар. Өткөн жылы кабыл алынган Билим берүү жөнүндөгү жаңы мыйзам жеке бала бакчаларды ачуу шарттарын жеңилдетти. Буга чейин бийик шыптар, турак жайда жайгаштырууга тыюу салуу сыяктуу талаптар көптөгөн жеке бала бакчалардын ачылышына тоскоолдук кылган. Бул чектөөлөр жоюлду, эми аймактарда көбүрөөк жеке бала бакчалар ачылып, аялдардын ишкердикке аралашуусуна шарт түзүлөт.

3. Жакында кабыл алынган мыйзам аял ишкерлерге канчалык жардам берет? Кандай өзгөрүүлөрдү күтүп жатасыз?

2025-жылдын 13-январында Президент Садыр Жапаров "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына "аял ишкердиги" түшүнүгүн мыйзамдык деңгээлде киргизген өзгөртүүлөргө кол койду.

Учурда өлкөдө аял ишкерлердин так саны боюнча расмий маалымат жок. Бул мыйзамдын негизинде Улуттук статистикалык комитет аял ишкерлердин так санын жана алар иштеген тармактарды аныктоо боюнча маалыматтарды чогулта баштайт. Бул так маалыматтар негизинде аял ишкерлерди колдоого багытталган реалдуу программаларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктарга ишкердикке берилген кредиттердин 30%ын аялдарга бөлүштүрүү тапшырмасын берди. Ошондой эле, АБРдин (Азия өнүктүрүү банкы) каржылык колдоосу менен $508 400 өлчөмүндөгү атайын кредиттик долбоор иштелип чыгып, аял ишкерлер үчүн жеткиликтүү болот.

4. Кайсы долбоорлор жана демилгелер аял ишкерлерди колдоодо ийгиликтүү деп эсептелет?

"Демилгелүү Айымдар" Коалициясынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдында Аял ишкердигин өнүктүрүү боюнча консультативдик кеңеш түзүлдү.

Бул кеңеш мамлекет менен аял ишкерлердин бизнес-ассоциацияларынын ортосундагы диалогду чыңдоо жана аларды экономикага көбүрөөк тартуу үчүн түзүлгөн. 2024-жылдын 20-декабрында Коалициянын төрайымы Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

5. Кыргызстандагы аял ишкердигинин келечегин кандай көрөсүз?

Гендердик эмгек рыногундагы теңсиздик жоюлса, дүйнөлүк ИДП 20%га чейин өсүшү мүмкүн.

2030-жылга чейин Кыргызстанда аялдардын экономикалык активдүүлүгүн 60%га жеткирүү максатын койдук. Бул үчүн 2026–2030-жылдарга карата жаңы мамлекеттик программа иштелип чыгышы керек.

Мамлекет аймактарда жаңы баштаган аял ишкерлерге субсидиялык кредиттерди берүү сыяктуу конкреттүү колдоо механизмдерин киргизиши зарыл.

6. Жаш ишкерлерге кандай кеңеш берет элеңиз?

Кымбаттуу эже-сиңдилер! Жаңы иш баштоодон коркпоңуздар, өзүңүздөргө ишениңиздер!

Кыйынчылыктар сөзсүз болот, бирок жашооңузда аракет кылып көрбөгөнгө караганда, аракет кылып жигердүү болуу дайыма пайдалуу.

7. 8-март – аялдардын күчүн даңазалаган майрам. Кыргызстандын аялдарына кандай каалоо-тилек айта аласыз?

Кыргызстандын бардык аялдарын 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм! 

Бакыт, сүйүү, ийгилик, финансылык туруктуулук жана үй-бүлөлүк бейпилдик каалайм!