Мамлекеттик-жеке диалог (МЖД) жана анын экономикадагы негизги ролу тууралуу берүүлөрдүн алкагында ЭлТР телеканалынын эфиринде Сыймык Тайчабаров, Кыргыз Республикасынын Сүт өндүрүүчүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору, Инвестициялык кеңештин мүчөсү, алып баруучу Эрмек Куренкеев менен инвестициялык климат жана бизнес үчүн административдик тоскоолдуктарды жөнөкөйлөтүү маселелерин талкуулады.
Талкуунун негизги темалары:
- Сүт тармагынын маанилүүлүгү – сүт өнөр жайы Кыргыз Республикасынын азык-түлүк өнөр жайынын 26%дан ашыгын түзөт, бул анын экономикалык маанилүүлүгүн көрсөтөт.
• Салык маселелери – улуттук суусундуктарга акциздик салыкты алып салуу сунушталып, бул демилге жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого жардам берет.
• Бизнес менен мамлекеттик органдардын байланышы – ишкерлердин пикирлерине негизделген мамлекеттик органдарды баалоо механизмин түзүү боюнча сунуштар талкууланды.
• Сүт тармагын өнүктүрүү концепциясын тез арада бекитүү – рынокту консолидациялоо жана тармактын өнүгүүсүн камсыздоо үчүн стратегиялык документти ыкчам кабыл алуунун зарылдыгы белгиленди.
• Экспорттук мүмкүнчүлүктөр – Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарын АКШга, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана башка эл аралык базарларга экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү каралды.
• Мамлекет менен түз диалог – бизнес өкүлдөрү менен Президенттин жыл сайын жолугушуусун өткөрүү сунушу айтылып, бул формат ишкерлердин көйгөйлөрүн талкуулоого жана алардын чечилишин тездетүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
ЭлТР телеканалына эфир үчүн терең ыраазычылык билдиребиз (эфирге шилтеме)