2025-жылдын 28-февралында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Касымалиев Адылбек Алешович Инвестициялык кеңештин катчысы Кыдырбаев Улук Асанкарыевичти кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, инвестициялык климатты өркүндөтүү жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу маселелери талкууланды. Ошондой эле, Инвестициялык кеңештин учурдагы ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасындагы инвестициялык чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелер каралды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Касымалиев А.А. Инвестициялык кеңештин ишин ачык мамлекеттик-жеке диалог форматында уюштурууну жана камсыздоону, ошондой эле мамлекеттик органдар менен алдын ала иштелип чыккан маселелери менен бирге кеңири спектрдеги маселелерди талкуулоону камсыздоону тапшырды.
Кыдырбаев У.А. бизнес-коомчулуктун атынан актуалдуу маселелерди ачык талкуулоо, идеялар менен алмашуу жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана ишкердик климатты жакшыртууга багытталган биргелешкен чечимдерди издөө мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.