Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Секретариаты, Инвестициялык кеңеш жөнүндө Жобого ылайык өз функцияларын ишке ашыруунун алкагында, инвестициялык саясатты ишке ашыруунун жаңы механизмдерин иштеп чыгуу жана инвестицияларды тартуу боюнча бизнес-процесстерди өркүндөтүү боюнча стратегиялык сессия өткөрүүдө. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестициялык агенттиктин (УИА), МЖӨ борборунун жана Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын өкүлдөрү катышууда.
Сессиянын жүрүшүндө инвесторлор мамлекеттик органдар менен иш алып барууда туш болгон негизги маселелер жана инвестициялык чөйрөнүн актуалдуу чакырыктары талкууланууда. Бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү, инвестициялык ишмердүүлүктү санариптештирүү, салымдарды тартууда бирдиктүү бизнес-воронка механизмин түзүү жана долбоорлорду толук коштоо системасын иштеп чыгуу негизги темалардын бири болду.
Программанын алкагында инвестициялык процесстерди талдоо жана инвестицияларды тартууну жөнгө салууну жакшыртуу боюнча аналитикалык жана талкуу сессиялары өткөрүлүүдө. Катышуучулар инвестициялык процесстердин ачыктыгын жогорулатуу, инвесторлор үчүн «бирдиктүү терезе» механизмин киргизүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө актуалдуу маалыматты камсыз кылуучу санарип платформаларды өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда.
Ошондой эле инвестициялык долбоорлорду макулдашуу процедураларын оптималдаштыруу, инвесторлорду ар тараптуу колдоо системасын киргизүү жана инвестициялык маркетингдин натыйжалуу инструменттерин колдонуу маселелери талкууланууда. Иш-чаранын алкагында дүйнөлүк тажрыйбадагы ийгиликтүү практикалар изилденип, Кыргыз Республикасында жагымдуу инвестициялык чөйрөнү калыптандыруу боюнча сунуштар иштелип чыгууда.
Сессиянын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясатын мындан ары өркүндөтүү боюнча конкреттүү сунуштар иштелип чыгып, инвесторлор үчүн ыңгайлуу жана ачык шарттарды түзүүгө багытталган чаралар сунушталат.
Сессия БУУӨПтүн колдоосу менен ишке ашырылууда.
Кыргызча
English
Русский