2024-жыл Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин ишмердүүлүгүндө маанилүү этап болуп, анын экономика өнүгүүсүндөгү жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү ролу дагы бекемделди.
Жылдын негизги жетишкендиктери:
- Мамлекет менен бизнес ортосундагы диалогду борбордук жана региондук деңгээлде илгерилетүү, анын ичинде инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча негизги демилгелерди талкуулоо.
- Инвестицияларды тартуу жана ишкердикти колдоо үчүн нормативдик-укуктук базаны өркүндөтүү.
- Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында бизнес-ассоциациялар, мамлекеттик органдар жана эл аралык өнөктөштөр менен жолугушууларды жана консультацияларды уюштуруу.
- Экономикалык өсүштү стимулдаштыруу жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү үчүн региондук жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты чыңдоо.
Бардык өнөктөштөрүбүзгө Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана активдүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биргелешкен аракеттер менен биз бизнес жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзгөн туруктуу диалог платформасын өнүктүрүүнү улантабыз.