2024-жылдын 17-декабрында "Мамлекеттик инвестициялык саясатты ийгиликтүү ишке ашырууда туруктуу МЖД аянтчасынын ролу" темасында стратегиялык сессия болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Инвестициялык кеңештин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртуу максатында Кеңештин негизги иш багыттары аныкталды.
Быйыл Инвестициялык кеңештин түзүлгөндүгүнө 17 жыл толду. Бул маанилүү датага карата иш-чаранын алкагында Кеңештин ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашыруудагы жана бизнес менен инвесторлор үчүн нормативдик-укуктук базаны жакшыртуудагы жетишкендиктери сунушталды. Коноктор Кеңештин түптөлгөн күнүнөн тартып өтөгөн жолун эскеришип, анын курамы жана түзүмү өзгөргөнүнө карабастан, дайыма мамлекет менен жеке сектор ортосундагы диалог үчүн жогорку деңгээлдеги жалгыз аянтча катары калыптанып келгенин баса белгилешти.
Катышуучулар Инвестициялык кеңештин инвестицияларды тартуу жана стратегиялык демилгелерди колдоодогу маанилүү ролун баса белгилешти. Бул иш-чара мамлекеттик инвестициялык саясаттын актуалдуу маселелерине жана инвестициялык чөйрөнү андан ары өркүндөтүү жолдоруна арналган семинардын бир бөлүгү болуп саналат.
Коноктор кириш сөрдөрү менен чыгышты:
- Жыпариса Боронбаевна Рысбекова – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Президенттин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары, тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Дамирбек Жантураевич Бикулов – Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары;
- Дмитрий Пятаченко – Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Кыргызстандагы директору;
- Анвар Карыкеевич Абдраев – Кыргызстандын банктарынын союзунун президенти;
- Татьяна Михайловна Ким – ПНК КР башкармалыгынын төрайымы;
- Азиза Узгеновна Юлдашева – Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү коалициясынын президенти;
- Эльвира Нарматовна Боромбаева – "Кичи ГЭСтер ассоциациясы" коомдук бирикмесинин президенти;
- Рустам Балтабаев – Агрардык-өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору.
Иш-чара мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди.