Саркынды сууларды тазалоо

Понедельник, 16 Декабрь 2024 13:20
Бишкек шаарынын кеңейиши менен экологиялык туруктуулукту камсыздоо жана инфраструктураны натыйжалуу башкаруу боюнча жаңы чакырыктар жаралууда. Шаардын эң негизги муктаждыктарынын бири — саркынды сууларды тазалоо үчүн курулмаларды модернизациялоо болуп эсептелет, бул шаардын жашоочуларынын жашоо сапатын жакшыртып, айлана-чөйрөнү коргоого өбөлгө түзөт. Бул чакырыктарга жооп катары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында ишке ашырылуучу долбоор сунушталды.
 
2024-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Секретариатында вьетнамдык SFC Water компаниясы тарабынан Бишкек шаарындагы тазалоо курулмаларын модернизациялоо долбоору сунушталды. Бул долбоор Бишкек шаарынын Мэриясы менен өнөктөштүктө ишке ашырылат.
 
Жолугушууга SFC Water компаниясынын, МЖӨ борборунун, Бишкек шаарынын Мэриясынын жана МП "Бишкекводоканалдын" өкүлдөрү катышты. Катышуучулар тазалоо курулмаларын долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча негизги аспектилерди, ошондой эле бул маанилүү шаардык инфраструктура объектин натыйжалуу башкаруу чараларын талкуулашты.
 
Тазалоо курулмаларын модернизациялоо долбоору Инвестициялык кеңештин кезектеги жыйынында сунушталып, анын ишке ашырылышы боюнча кийинки кадамдар каралат жана мамлекеттик жана жеке секторлордун колдоо чаралары талкууланат.