Инвестициялык кеңештин мүчөлөрү жана өнөктөштөрү арасында өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары

Понедельник, 16 Декабрь 2024 13:01
Урматтуу кесиптештер жана өнөктөштөр!
Биз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин мүчөлөрү жана өнөктөштөрү арасында өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарын сиздерге сунуштайбыз. Сиздердин пикирлериңиз жана сунуштарыңыз мамлекеттик-жеке диалогду дагы натыйжалуу жана конструктивдүү кылууга багытталган аракеттерибизде чоң мааниге ээ.
 
✅ Инвестициялык кеңештин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүн 93,3% респонденттер оң баалады — бул биз үчүн инвестициялык климатты жакшыртуу жолунда туура багытта бара жатканыбызды билдирет.
✅ Биз регионалдык инвестициялык кеңештерди ишке киргизүү багытында активдүү иш алып баруудабыз жана 77,3% респонденттер Ош жана Ысык-Көл облустарында ишке киргизилишин колдошту.
✅ Кийинки жылга карата сунуштар регионалдык инвестициялык климатты колдоону, бизнес үчүн билим берүү программаларын жана жаңы мыйзамдык демилгелерди иштеп чыгууну камтыйт.