Кеңештин Катчылыгынын командасына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жол-жоболору боюнча конкурстук негизде тандалып алынган жети адам кирет:
Кыдырбаев Улук Асанкарыевич – Катчылыктын башчысы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчысы.
Улук Асанкарыевичтин мамлекеттик-жеке диалог платформаларында жеке сектордун өкүлү катары ийри тажрыйбасы бар. Ал иш жолунда, өкмөт менен жеке сектордун ортосундагы кызматташууну жакшыртууга, бул сферага позитивдүү өзгөрүүлөргө алып келүүгө аракеттерин жасап келет.
Эл аралык өнүгүү тармагында Улук Асанкарыевич инклюзивдик экономикалык өсүш, инвестициялык климат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелерине көңүл бурган. Натыйжада, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды жакшыртуучу, чакан жана орто ишканалар үчүн жумуш орундарын жана каражаттарын түзүү аркылуу жергиликтүү үй чарбаларынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүчү кырктан ашык саясий реформаларды жетектеген.
Улук Асанкарыевичтин эксперттик багыттарына бизнес шарттарын жакшыртууну жактоо, жеке сектор менен кызматташуу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, коррупцияга каршы саясатты жана мыйзам ченемдүүлүктү контролдоо системасын камсыздоо, жашыл экономика принциптерин илгерилетүү, жаштардын жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү колдоо жана чакан жана орто бизнестеги корпоративдик башкарууну өнүктүрүү кирет.
Улук Кыдырбаев Женева Жогорку Институтунун (Швейцария) Өнүктүрүү саясаты жана практикасы боюнча аткаруучу магистр даражасына ээ.
Мусабеков Алмазбек Обосбекович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Секретариатынын Экономикалык маселелер боюнча башкы эксперти.
Алмазбек Обосбекович мамлекеттик башкаруудагы көп жылдык тажрыйбасына ээ. Бираз тактай кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикте ар кандай кызматтарды аркалаган. Ошондой эле, «Манас» эл аралык аэропорту» Ачык Акционердик Коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болгон.
Алмазбек Обосбекович Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин экономист (финансы жана кредит) жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун зооинженер кесибин бүтүргөн.
Алмазбек Обосбекович Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык ченине ээ.