Print this page

Инвестициялык форум: эки пилоттук Агро кластерди илгерилетүү (эт жана сүт)

Среда, 29 Ноябрь 2023 07:26

Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кызматкерлери эки пилоттук айыл чарба кластерин - Чүй облусунда сүт өндүрүшүн жана Нарын жана Ысык-Көл облустарында эт өндүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык форумга катышышты.

Форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын үч облусунда айыл чарба кластерлерин түзүү долбоорлору сунушталды жана ага ылайык сүт жана эт өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, продукциянын сапатын жакшыртууга жана рынокто жеткиликтүүлүгүн камсыздоого мүмкүндүк берет. Долбоорлорду каржылоо маселелери, инвесторлор менен өндүрүүчүлөрдүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Агрокластерлер өнүгүүнүн натыйжалуу куралы болуп саналат.

*Агрокластер – бул кызыкчылыктары бар өнөктөштөрдүн бирикмеси, мисалы, бир айыл чарба же агроөнөр жай секторунда иштеген жана жалпы көйгөйлөрдү чечүүдө жана ишке ашырууда өз ара аракеттенген өндүрүүчүлөр же айыл чарба ишканалары.

Кластердик саясат майда фермерлер жана агробизнес үчүн эң ылайыктуу, себеби ал өндүрүмдүүлүктү, продукцияны сатуунун деңгээлин жогорулатууга жана кошумча нарк менен өндүрүштү түзүүгө мүмкүндүк берет.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, Кыргыз Республикасында аккредиттелген өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, каржы институттарынын, бизнес-коомчулуктун жана бизнес-ассоциациялардын, илимий чөйрөнүн жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара ФАОнун Кыргыз Республикасындагы кеңсеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту менен биргеликте уюштурулду.