Сиздердин назарыңыздарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы тарабынан ишкерлердин сунуштарын/көйгөйлөрүн кароо регламенти тууралу кыска анимациялык видеону сунуштайбыз.
Бул видеодо бизнестен түшкөн сунуштарды кабыл алуунун, карап чыгуунун жана чечим чыгаруунун негизги этаптары сүрөттөлөн.
Инвестициялык кеңештин жумушчу органы болуп Кеңештин катчылыгы саналат. Кеңештин катчылыгынын ишине Кеңештин катчысы жетекчилик кылат.
Кеңештин Катчылыгы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, экономиканы өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет.
Инвестициялык кеңеш - мамлекеттик-жеке диалогду камсыз кылуучу туруктуу платформасы.
Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланууда.
Видео төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://www.youtube.com/watch?v=XVMKWaPDwYY