Print this page

2025-жылдагы Жылдык отчет

Вторник, 30 Декабрь 2025 15:59

Урматтуу кесиптештер жана өнөктөштөр!

Сиздердин назарыңыздарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгынын расмий тилде 2025-жылдагы Жылдык отчетун сунуштайбыз. Отчетто мамлекет менен бизнес ортосундагы диалогдун алкагында жүргүзүлгөн ишмердүүлүктүн негизги жыйынтыктары, ишке ашырылган реформалар, демилгелер жана мындан аркы артыкчылыктуу багыттар камтылган.

Бул документ Кеңештин инвестициялык климатты жакшыртууга, мамлекеттик-жеке диалогду чыңдоого жана Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү үчүн туруктуу, ачык жана алдын ала божомолдонгон чөйрөнү калыптандырууга кошкон салымын чагылдырат.

Биргелешкен иш-аракеттердин алкагында конструктивдүү кызматташтык көрсөткөн бардык өнөктөштөргө — мамлекеттик органдарга, бизнес-ассоциацияларга жана эл аралык уюмдарга — терең ыраазычылык билдиребиз.

? Жылдык отчет менен төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша аласыздар:
? https://drive.google.com/file/d/1vE2BlQUEoTE3IIv2OP8EpbukR3nEfVbl/view