Ош облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИК) кезектеги жыйыны, Ош облусунда кышкы туризмди өнүктүрүүгө арналды
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңсесинин имаратында Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИК) кезектеги жыйыны өттү. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары жана РИКтин төрагасынын орун басары И.Ташбаев жетектеди.
Жыйынга мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциацияларынын жана Регионалдык инвестициялык кеңештин катчылыгынын өкүлдөрү катышты.
Күн тартибиндеги негизги маселе КР Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 13-ноябрындагы №18-30290 кышкы туризм сезонуна даярдык көрүүгө арналган тапшырмасын аткаруу болду.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар коопсуздук шарттарын, санитардык стандарттарды, тамак-аш стандарттарын, туристтик жайлардагы инфраструктураны жакшыртуу боюнча жана жаракат алуу коркунучун азайтуу боюнча пикир алмашышты.
Талкуудан кийин жана алдыдагы Жаңы жыл майрамдарын эске алуу менен, жарандардын кышкы эс алуу шарттарын жакшыртуу боюнча конкреттүү чаралар, механизмдер жана милдеттер аныкталды.
Жыйында туруктуу туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Кеңеш 2025-жылдын 20-ноябрында Ошто өткөн "Туруктуу туризмди өнүктүрүү. Көмүртектин изин азайтуу" аттуу тегерек стол талкуусунун катышуучуларынын резолюциясын бекитти. РИК катчылыгына бул резолюцияны андан ары практикалык ишке ашыруу үчүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана өнөктөштөргө жеткирүү тапшырылды.
"Ар кандай" бөлүмүндө жыйындын катышуучулары пикир алмашып, аймактагы инвестициялык климатты жана ведомстволор аралык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды талкуулашты.
Регионалдык инвестициялык кеңеш өкмөт, бизнес жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы диалог үчүн негизги платформа болуп кызмат кылууну улантууда, Ош аймагында инвестициялык демилгелерди жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү алга жылдырууда.
Регионалдык инвестициялык кеңештер (РИК) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн алдында иш алып барат. РИКтердин катчылыктары Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгы, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү жана Улуттук инвестициялар агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун ортосундагы үч тараптуу келишимдин алкагында иш алып барышат.
Кеңештин демилгелерин ишке ашырууда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) колдоо көрсөтүп келет.