Кыргыз Республикасынын санариптик инфраструктурасы көптөн бери эле «тар тармак» болуудан чыккан. Байланыштын жеткиликтүүлүгү жана ишенимдүүлүгү өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна, бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшүнө жана жарандардын жашоо сапатына түздөн-түз таасир этет.
2025-жылга карата Кыргыз Республикасындагы санариптик чөйрө жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлдү. DataReportal маалыматына ылайык, 2025-жылдын башында өлкөдө интернетти 6,41 млн адам колдонгон, ал эми интернетке кирүү көрсөткүчү калктын 88,5%ын түзгөн. 2025-жылдын январында социалдык платформаларды колдонгон колдонуучулардын саны 3,3 млн (калктын 45,6%) болуп катталып, бул электрондук сооданын, санариптик маркетингдин, онлайн-кызматтардын жана жаңы бизнес-моделдердин өнүгүшүнө түздөн-түз түрткү берүүдө.
Өзгөчө көңүл буруучу дагы бир жагдай — мобилдик туташуулардын түзүмү. GSMA Intelligence маалыматы боюнча, өлкөдөгү мобилдик байланыштардын 95,1%ы кең тилкелүү тармактарга (3G, 4G жана 5G) туура келет. Бул экономиканы санариптештирүү, онлайн-сервистерди өнүктүрүү, алыстан иштөөнү кеңейтүү жана мамлекеттик санариптик платформаларды илгерилетүү үчүн бекем технологиялык база түзөт. Ошол эле учурда, кең тилкелүү туташуулардын үлүшү жогору болушу сапаттуу интернетке жетүү бардык жерде бирдей дегенди автоматтык түрдө билдирбейт — айрыкча аймактардагы бизнес үчүн.
Дал ушул жерде санариптик көрсөткүчтөр инфраструктуралык реалдуулукка барып такалат: магистралдардын өткөрүмдүүлүгү, «акыркы чакырым» маселеси, инженердик объектилерге жетүү, энергетика, тарифтик логика жана жөнгө салуу практикасы. Ушул кесилиштерде телекоммуникация тармагынын күн тартиби жана мамлекет менен диалогу калыптанат.
Мындан аркы өсүш үчүн негизди ири инфраструктуралык долбоорлор түзүүдө. Digital CASA демилгесинин алкагында 3000 кмден ашык була-оптикалык байланыш линиялары тартылганы жана социалдык объектилердин (мектептер, оорукана-дарылоо мекемелери жана башка) бир бөлүгү туташтырылганы айтылууда.
Муну менен катар мамлекет Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексин кабыл алып, ал санариптик чөйрөнү жөнгө салуу, жарандардын укуктарын коргоо жана санариптик экономиканы өнүктүрүү үчүн базалык алкактык документ болушу күтүлүүдө.
Бирок мыйзамдар маселенин бир гана бөлүгү. Иш жүзүндө санариптик трансформациянын туруктуулугу конкреттүү шарттарга көз каранды: инфраструктурага жетүү, макулдашуу-жол-жоболору, инвестициялык алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон чөйрө жана тармактарды өнүктүрүүнүн экономикасы. Ушул маселелердин тоомунда Байланыш операторолор ассоциациясы (БОА) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгы менен өз ара кызматташтыкта иш алып барууда.
Төмөндө — БОАнун аткаруучу директору Салават Ормошев тарабынан берилген позиция жана анын тармактагы негизги тренддер менен байланышы.
Ассоциациянын миссиясы: рыноктун бирдиктүү позициясы жана мамлекет менен диалог
Бүгүн Операторлордун байланыш ассоциациясынын негизги миссиясы эмнеде жана эмне үчүн анын ролу күчөп жатат?
Операторлордун байланыш ассоциациясынын негизги миссиясы бүгүн тармакты консолидациялоо жана мамлекеттик органдар, жөнгө салуучулар жана экономикадагы байланыш секторлор менен диалогдо операторлордун бирдиктүү, тең салмактуу позициясын калыптандыруу болуп саналат. Ассоциация Кыргыз Республикасынын алдыңкы байланыш операторлорун бириктирет: алар өлкөдөгү телекоммуникация кызматтарынын негизги бөлүгүн көрсөтүп, тармактарды өнүктүрүү боюнча инвестициялык жүктү өз мойнуна алышат. Ассоциация телекоммуникация чөйрөсүндө адвокациялык процесстерди жүргүзгөн, телекоммуникация кызматтары рыногунун кызыкчылыктарын коргогон жана анын бардык тараптардын кызыкчылыгы үчүн ырааттуу өнүгүшүнө көмөктөшкөн институт катары чыгат.
Телекоммуникация рыногу табиятынан фрагменттүү: операторлор масштабы, бизнес-моделдери жана аймактык катышуусу боюнча айырмаланат. Ушундай шартта Ассоциация тармактын стратегиялык маселелери боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгуу жана жалпы кызыкчылыктарды коргоо үчүн платформа болуп берет. Ал техникалык, экономикалык жана инвестициялык маселелерди жөнгө салуу жана башкаруу чечимдеринин деңгээлине көтөрүп, институционалдык өкүлчүлүк функциясын аткарат.
Телекоммуникациялар санариптик экономиканын жана социалдык инфраструктуранын өзөгүнө айланып жаткан шартта Ассоциация бизнес кызыкчылыктарын гана коргогон эмес, мамлекет менен узак мөөнөттүү, туруктуу санариптик саясатты калыптандырууда өнөктөш да болуп саналат.
Бул логика мамлекеттин санариптик күн тартиби кеңейип жаткан шартта өзгөчө маанилүү. Freedom House жана маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын мартында Санариптик өнүктүрүү министрлиги Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги болуп өзгөртүлүп, анын ыйгарым укуктары, анын ичинде спутниктик технологиялар багыты да кеңейтилген. Практикада бул телеком-рыноктун күн тартиби санариптик кызматтардын жана технологиялык чечимдердин кеңири чөйрөсү менен улам көбүрөөк кесилишип жатканын билдирет — демек, профессионалдык жана институционалдык диалогдун баалуулугу дагы өсөт.
Санариптик инфраструктуранын абалы: прогресс жана сакталып турган чектөөлөр
Санариптик инфраструктуранын учурдагы абалын жана өзгөчө аймактардагы негизги «тар жерлерди» кандай баалайсыз?
Акыркы жылдары Кыргызстанда санариптик инфраструктураны өнүктүрүүдө, айрыкча улуттук жана эл аралык ири долбоорлордун алкагында, байкаларлык прогресс орун алды. Аймактардын байланышын күчөтүүгө жана магистралдык тармактарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелер олуттуу салым кошту. Атап айтканда, Digital CASA долбоору була-оптикалык инфраструктураны кеңейтүүдө, эл аралык санариптик коридорлорду чыңдоодо жана өлкөдөгү интернет байланышынын туруктуулугун арттырууда маанилүү этап болду.
Бул долбоорлор санариптик кызматтарды мындан ары өнүктүрүүгө негиз түзүп, байланыштын сапатын жакшыртты жана региондук экономиканын өсүшүнө шарт жаратты. Ошол эле учурда жетишилген прогресске карабай, ири шаарлар менен аймактардын ортосунда олуттуу ажырым сакталууда.
Кээ бир облустарда магистралдык инфраструктуранын өткөрүмдүүлүгү жана резервдөө деңгээли али да чектелүү болуп, бул тармактардын ишенимдүүлүгүнө таасир этет. Эң алсыз звено катары колдонуучулардын жогорку ылдамдыктагы интернетке реалдуу жетүүсүн аныктаган «акыркы чакырым» калууда. Калкы сейрек жана алыскы аймактарда кошумча стимулдарсыз тармак куруу экономикалык жактан татаал бойдон калууда.
Айрыкча аймактарда электр тармактарынын туруктуу иштебеши операторлорду резервдик энергия булактарына кошумча инвестиция салууга мажбурлап, кошумча жүк жаратат. Ошондой эле инженердик инфраструктурага — тирөөчтөргө, кабелдик канализацияга жана жабдууларды жайгаштыруучу объектилерге жетүү — олуттуу тоскоолдук бойдон калууда: бул багытта бирдиктүү жана ачык эрежелер али толук калыптана элек.
Бул жерде кеп «майда ыңгайсыздыктар» жөнүндө эмес, тармактын системдүү экономикасы жөнүндө болуп жатат: инфраструктуралык чектөөлөр жана чыгымдар жогору болгон шартта тармакты кеңейтүүгө жана сапатын жогорулатууга инвестиция салуу кошумча стимулдарды жана алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон шарттарды талап кылат.
Инфраструктурага жетүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркына таасири
Инженердик инфраструктурага жетүүнүн шарттары өздүк наркка жана тарифтердин туруктуулугуна канчалык таасир этет?
Акыркы жылдарда Кыргыз Республикасы Борбор Азияда жана мурдагы КМШ өлкөлөрүнүн арасында интернет кызматтарынын баа жеткиликтүүлүгү боюнча туруктуу түрдө алдыңкы орундарды ээлеп келет. Бул көп жагынан интернет-провайдерлердин ийкемдүү баа саясаты жана байланыш операторлорунун калк үчүн интернет кызматтарынын адилеттүү рыноктук баасын камсыз кылууга умтулуусу менен түшүндүрүлөт.
Инженердик инфраструктураны, анын ичинде тирөөчтөрдү ижарага алуу маселеси көп жылдан бери тармак үчүн эң сезимтал темалардын бири бойдон калууда. Колдонулуп жаткан тарифтер жана ижара шарттары, айрыкча аймактарда тармактарды жайылтууда жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда, байланыш кызматтарынын өздүк наркына түздөн-түз таасир этет.
Ижара төлөмдөрүнүн жогору болушу операторлордун операциялык чыгымдарын көбөйтүп, инвестициялардын өзүн-өзү актоо мөөнөтүн узартат. Калктын төлөө жөндөмдүүлүгү чектелүү болгон шартта мындай чыгымдар бизнес жана калк үчүн акыркы кызмат баасына таасир этиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу тармактарды өнүктүрүүнү чектебестен, тескерисинче, стимулдаштыра турган экономикалык негиздүү, ачык жана бирдиктүү ижара эрежелерин калыптандыруу өзгөчө маанилүү.
Ижара наркынын бир нече эсеге жогорулашы байланыш операторлорунун чыгымдарын көбөйтүп, бул сумма ондогон миллион сомго жетиши мүмкүн. Натыйжада, калк үчүн байланыш кызматтарынын тарифтерин жогорулатуу зарылдыгы жаралышы ыктымал.
2024-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан байланыш операторлорунун була-оптикалык байланыш линияларын (ВОЛС) «Бишкексвет» жана «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканаларынын тирөөчтөрүнө илип пайдалануу үчүн төлөнүүчү ижара акысын 4 эседен ашык көтөрүү боюнча чечим кабыл алынган.
Биздин биргелешкен аракеттерибиз, ошондой эле Катчылыктын аянтчасынын натыйжалуулугу муниципалдык тирөөчтөрдүн ижара баасын төмөндөтүү маселесинин чечилишине өбөлгө түздү. Ассоциация менен Катчылыктын макулдашылган позициясынын аркасында бул көйгөй боюнча өз ара кабыл алына турган келишимге жетишилди жана муниципалитеттин тармак үчүн маанилүү чечимдерин макулдашуу процессине бизнес катышуусу камсыздалды. Натыйжада, интернетке жетүү кызматтарынын тарифтери жогорулатылган жок.
Практикалык мааниде бул санариптик күн тартибинин эң сезимтал элементтеринин бири: инфраструктурага жетүү тармактарды кеңейтүүнүн экономикасына жана, айрыкча ири шаарлардан тышкаркы аймактарда, чектелүү суроо-талап шартында кызматтардын баасын жеткиликтүү кармоо жөндөмүнө түздөн-түз таасир этет.
Жөнгө салуу чөйрөсү
Санариптик кодекс кабыл алынгандан кийин, тармак үчүн жөнгө салууда эмнелер өзгөчө маанилүү?
Операторлордун көз карашынан алганда, жөнгө салуу чөйрөсү тармактагы инвестициялык климатты аныктаган негизги факторлордун бири болуп калууда. Санариптик чөйрөнү жөнгө салууга системдүү мамиленин негизин түптөгөн жана тармакты өнүктүрүүнүн стратегиялык көрүнүшүн белгилеген Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин кабыл алынышы маанилүү жана позитивдүү кадам болду.
Ошол эле учурда базалык документти кабыл алуу — биринчи гана этап. Санариптик кодекстин потенциалын толук ишке ашыруу үчүн туруктуу, түшүнүктүү жана макулдашылган подзакондук актыларды иштеп чыгуу зарыл. Дал ушул подзакондук деңгээлде тармак куруунун, инфраструктурага жетүүнүн, жаңы технологияларды колдонуу шарттарынын жана узак мөөнөттүү инвестициялык пландоонун практикалык эрежелери калыптанат.
Кошумча көйгөй катары жөнгө салуунун фрагменттүүлүгү жана макулдашуу процедураларынын кайталанышы калып, бул административдик жүктү көбөйтүп, долбоорлордун ишке ашуусун создуктурат. Инвестициялар 7–10 жылдык горизонтто пландалган капиталоёмдуу телеком-тармак үчүн эрежелердин алдын ала божомолдоого мүмкүн болушу жана туруктуулугу өзгөчө маанилүү.
Бул жалпы санариптик экономика үчүн да негизги тыянак: алкактык документтин өзү гана эмес, анын практикалык колдонулушунун сапаты жана алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон эрежелер технологияларды внедрение кылуунун темпин жана тармакты өнүктүрүүгө инвестиция салууга даярдыкты аныктайт.
Аймактар жана бизнес
Аймактардагы бизнес кандай тоскоолдуктарды көбүрөөк сезет жана ажырымды кыскартуу үчүн эмне керек?
Бишкектен тышкаркы аймактарда бизнес үчүн сапаттуу интернетке жетүү дагы эле бирдей эмес. Аймактарда ишкерлер көбүнчө провайдерлердин тандоосу чектелүү, кызматтын баасы жогору жана байланыштын ишенимдүүлүгү төмөн болушу сыяктуу маселелерге туш болушат. Бул электрондук сооданын, финансы сервистеринин, алыстан иштөөнүн жана санариптик платформалардын өнүгүшүн жайлатат.
Аймактык ажырымды кыскартуу комплекстүү ыкма аркылуу гана мүмкүн: инфраструктураны биргелешип пайдаланууну стимулдаштыруу, магистралдарды жана «акыркы чакырымды» өнүктүрүүнү колдоо, жөнгө салуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле коммерциялык жагымдуулугу төмөн райондордо мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин өнүктүрүү.
Бул ой эл аралык аналитика менен да шайкеш келет: мисалы, Network Readiness Index сыяктуу көрсөткүчтөр инфраструктуранын, башкаруунун жана санариптик технологиялардын экономикага жана аймактарга таасиринин ролун өзүнчө белгилеп турат.
5–7 жылдык горизонт: 5G, IoT
5–7 жыл ичинде тармакты кандай элестетесиз жана бүгүн кайсы чечимдерди алдын ала негиздеп коюу керек?
Алдагы 5–7 жылда Кыргызстандагы телекоммуникация тармагы өлкөнүн санариптик экономикасынын толук кандуу пайдубалына айлануу потенциалына ээ. Бул — бүткүл өлкө боюнча туруктуу кең тилкелүү интернетке жетүү, анын ичинде 5G стандарты сыяктуу жаңы муундагы тармактарды өнүктүрүү, IoT-чечимдерин жайылтуу жана бизнес менен мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү колдоо дегенди билдирет.
Өзгөчө көңүл бура турган багыт — Кыргыз Республикасында жаңы муундагы спутниктик байланыш долбоорлорун ишке ашыруу жана төмөн орбиталык спутник топторунун технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүгү. Мындай чечимдер жер үстүндөгү инфраструктурага маанилүү кошумча болуп, айрыкча салттуу тармактарды куруу экономикалык же техникалык жактан татаал болгон алыскы жана жетүүгө кыйын аймактар үчүн актуалдуу. Спутниктик технологияларды улуттук байланыш системасына туура интеграциялоо санариптик теңсиздикти олуттуу кыскартып, телекоммуникация инфраструктурасынын туруктуулугун жогорулата алат.
Бул келечек ишке ашышы үчүн негизги чечимдерди бүгүнтөн баштап кабыл алуу зарыл: инвестицияга ыңгайлуу жана алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон жөнгө салуу чөйрөсүн түзүү, инфраструктурага жетүүнүн ачык эрежелерин калыптандыруу жана телекоммуникацияны өлкөнүн стратегиялык өнүгүү тармагы катары кароо. Дал азыр телекоммуникациялар Кыргызстанда экономикалык өсүштүн жана санариптик трансформациянын драйвери болобу же мүмкүнчүлүк терезеси колдон чыгып кетеби — ошол пайдубал түптөлүп жатат.
2025-жылга карата телекоммуникациялар Кыргыз Республикасында санариптик экономиканын базалык инфраструктурасына айланды: интернетти жана санариптик сервистерди кеңири колдонуу деңгээли буга чейин эле жетишилди. Эми кийинки этап тармактардын сапатына жана алар кандай эрежелер менен кеңейип жатканына жараша аныкталат. Ассоциация белгилеген логика бир нече негизги шартка таянат: шаарлар менен аймактардын ортосундагы ажырымды кыскартуу, «акыркы чакырым» маселесин чечүү, инженердик инфраструктурага жетүүнүн түшүнүктүү эрежелерин камсыз кылуу жана, эң негизгиси, подзакондук актылар менен процедуралар деңгээлинде алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон жөнгө салуу практикасын калыптандыруу.
Акыр аягында, кеп тармактык гана күн тартиби жөнүндө эмес. Бул — ишкерлердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жана аймактардын санариптик экономикага толук кандуу катыша алуусу жөнүндө. Ошондуктан рынок менен мамлекеттин ортосундагы туруктуу диалог — профессионалдык бирикмелер жана Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин аянтчасы аркылуу — техникалык жана экономикалык маселелерди системдүү өнүгүү чечимдерине айланта алган негизги инструмент болуп калууда.