Print this page

Ысык-Көл - туруктуу туризм жана өнөктөштүк боюнча диалог аянтчасы

Понедельник, 10 Ноябрь 2025 10:15

Жыл сайын өтүүчү «Жашыл экономика» форумунун алкагында 6-ноябрда Кара-Ой айылында «Туруктуу туризмди өнүктүрүү жана көмүртек изин азайтуу» аттуу тегерек стол болуп өттү.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана КАТО эл аралык өнөктөштөр — GIZ, Европа Биримдиги, Швейцария жана ЕККУнун колдоосу менен уюштурушту.

Иш-чаранын катышуучулары жашыл каржылоого жетүүнү кеңейтүү, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана аймактарда экологиялык жооптуу демилгелерди өнүктүрүү боюнча практикалык чараларды талкуулашты. Жыйындын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, анын айрым сунуштары Ысык-Көл облусундагы Регионалдык инвестициялык кеңештин жыйынында каралат.

Тегерек столго мамлекеттик органдардын, эл аралык өнөктөштөрдүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эксперти Чолпон Асакеева жана Ысык-Көл облусундагы Регионалдык инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Чыңгыз Намазалиев катышты.

Мамлекет менен бизнестин өнөктөштүгү жашыл технологияларды жана энергияны үнөмдөөчү чечимдерди жайылтууда, туруктуу туризмди өнүктүрүүдө чечүүчү мааниге ээ. Биз кадрларды даярдоонун, жашыл стандарттарды аймактык программаларга интеграциялоонун жана ишкерлердин жашыл каржылоого жетүүсүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетебиз.

Ысык-Көл облусунда экологиялык жактан туруктуу демилгелерди колдоонун бир механизми катары туризм тармагына «жашыл технологияларды» киргизип жаткан жеке ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо системасын иштеп чыгуу боюнча Чыңгыз Намазалиевдин сунушу өзгөчө белгиленди.

Кеңештин катчылыгы мамлекет менен бизнес ортосундагы диалогду өнүктүрүүнү улантып, аймактарда туруктуу өнүгүү жана жашыл экономиканы чыңдоо үчүн шарттарды түзүүдө.