Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы Регионалдык инвестициялык кеңештерде иштөөгө адистерди кабыл алууну жарыялайт. Максаты - инвестициялык климатты жакшыртуу, диалогду күчөтүү жана аймактардагы ишкердикти колдоо.
Ачык орундар:
- (Ысык-Көл облусу) РИК Катчылыгынын жетекчиси – РИКтин ишин уюштуруу, мамлекеттик органдар жана бизнес менен кызматташуу, жыйындарды өткөрүү, демилгелерди илгерилетүү.
- (Нарын облусу) РИК Катчылыгынын жетекчиси – РИКтин ишин уюштуруу, мамлекеттик органдар жана бизнес менен кызматташуу, жыйындарды өткөрүү, демилгелерди илгерилетүү.
- (Баткен облусу) Укуктук маселелер боюнча адис – укуктук экспертиза, мыйзамдардын талдоосу, инвестициялык долбоорлорго укуктук колдоо көрсөтүү, бизнес жана мамлекеттик органдарды консультативдик жактан камсыздоо.
Иштин форматы: толук жумуш күнү, контракт – 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын февралына чейин.
Документ тапшыруунун акыркы күнү: 2025-жылдын 14-сентябры, саат 23:59га чейин.
Кантип арыз берүүгө болот?
1️⃣ Резюмеңизди жана мотивациялык катыңызды (1 беттен ашпаган) Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. дарегине жөнөтүңүз.
2️⃣ Каттын темасында кызмат ордун жана аймакты көрсөтүңүз (мисалы: «РИК Катчылыгынын жетекчиси – Ысык-Көл облусу»).
3️⃣ Алдын ала тандоодон өткөн талапкерлер маектешүүгө чакырылат.
? Вакансиялар боюнча кеңири маалымат бул шилтемеде: https://drive.google.com/drive/folders/1ryfzef-jVB5WajY0a2nu0s0hSJV8oZ0T
? Аймактардагы инвестициялык климатты өнүктүрүүгө салым кошкусу келген адистерди документ тапшырууга чакырабыз.