Print this page

Талас жана Жалал-Абад РИКтеринин региондордогу практикалык ишинин мазмундуу жумалыгы

Вторник, 19 Август 2025 10:02

Өткөн жумада Регионалдык инвестициялык кеңештердин (РИК) катчылыктары талаа иштерин күчөтүп, басымды МЖӨ (мамлекеттик-жеке өнөктөштүк) практикасына, бизнеске даректүү кеңеш берүүгө жана жергиликтүү бийлик менен «түз көпүрөлөрдү» курууга жасашты. Күндөлүк тартипте - механизмдерди түшүндүрүү, долбоор идеяларын чогултуу жана реалдуу кейстерди талдоо болду.

12-август, Талас облусу, Көк-Ой айылы.
Талас РИКтин Катчылыгы райадминистрациянын имаратында Талас районунун ишкерлерине жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө тегерек стол өткөрдү. РИКтин мандаты жана инструменттери тааныштырылып, МЖӨ механизми толук түшүндүрүлдү, демилгелерди берүү форматы жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун тартиби көрсөтүлдү. Катышуучулар МЖӨнү район деңгээлинде кантип колдонууну жана бизнес үчүн шарттарды тактап, суроолоруна жооп ала алышты.

13 жана 15-август күндөрү, Жалал-Абад облусу.
Жалал-Абад РИКтин Катчылыгы Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда консультациялык сессияларды өткөрдү. Күндүн биринчи жарымында - маалыматтык-кеңеш берүү бөлүгү: МЖӨ түшүнүгү жана укуктук база, формалар жана моделдер, долбоорлорду даярдоо жана коштоо, өлкөдөгү жана региондогу ийгиликтүү мисалдар. Күндүн экинчи жарымында - «талаа» иши: айыл өкмөт деңгээлинде муктаждыктарды аныктоо, МЖӨ идеяларын алдын ала кароо, демилгелүү арыздын үлгүсүн толтуруу. Катышуучулар - акимдер жана орун басарлары, шаар/айыл өкмөт башчылары жана инвестиция боюнча адистер, потенциалдуу инвесторлор жана ишкерлер болушту.

Ошондой эле 14-август күнү Жалал-Абад шаарында, шаардык бизнес-ассоциациянын мүчөлөрү үчүн Салык кызматы жана Архитектура башкармалыгынын катышуусу менен практикалык сессия өттү. РИК - туруктуу диалог аянтчасы катары - МЖӨ жөнүндө Мыйзамдын нормалары жана долбоорлорду ишке ашыруу механизми талкууланды; ишкерлер жергиликтүү компаниялардын кейстерин көрө алышты. Салык кызматы ЧӨБ үчүн жеткиликтүү жеңилдиктерди түшүндүрдү, Архитектура - курулуштардын укуктуулугу, демонтаждын негиздери жана мөөнөттөрү, объектилерди көчүрүүнүн альтернативасы жана мөөнөттүү алуудагы компенсация тууралуу маалымат берилди.

Бул бизнеске жана муниципалитеттерге эмнеси менен маанилүү?
РИКтер региондордо демилгелер үчүн бирдиктүү «кирдүү пунктту» түзүп, ишкерлерге укуктук жана каржылык маселелер боюнча навигация берип, ал эми жергиликтүү бийликке - долбоорлорду консолидациялоонун жана рыноктон түз кайтарым алуунун инструментин сунуштайт. Жуманын жыйынтыгында МЖӨ боюнча алдын ала идеялар тизмеси топтолду, «тез» пилотторду тандоо жана жакынкы РИК жыйындарынын күн тартибин даярдоо үчүн тематикалык мини-сессиялар пландалды.

Аталган иштөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгы, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана Улуттук инвестициялар агенттигинин алдындагы МЖӨ борбору менен түзүлгөн үч тараптуу кызматташтык келишиминин алкагында жүргүзүлүүдө.