Print this page

Жалал-Абадда Регионалдык инвестициялык кеңешти кайрадан жандандыруу боюнча семинар өттү

Среда, 30 Июль 2025 05:06

2025-жылдын 29-июлунда Жалал-Абад облусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИК) демилгеси менен окуу-семинары болуп өттү. Иш-чара РИКтин институционалдаштыруу маселелерине жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмдерин практикалык деңгээлде ишке киргизүүгө арналды.

Семинар Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин төрагалыгы алдында өтүп, ага райондордун жана шаарлардын акимдери жана алардын орун басарлары, инвестиция жана МЖӨ тармагындагы адистер, ошондой эле кичи жана орто бизнес өкүлдөрү катышты. Алыскы Чаткал, Тогуз-Торо, Токтогул райондору жана Кара-Көл шаары видеобайланыш аркылуу кошулушту.

Катышуучуларга МЖӨ форматындагы долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолдору, бул процессте РИКтин орду жана аймактын Инвестициялык картасын ишке киргизүүнүн мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалымат берилди. Айрыкча, РИКтин Катчылыгы менен туруктуу байланышта болуу, жеринде ишкердик демилгелерди коштоп туруу жана сунуштарды иштеп чыгуу маанилүү экени белгиленди.

Тилек Текебаев 2025-жылдын 17-июлунан тарта облустук Регионалдык инвестициялык кеңеш расмий түрдө кайра түзүлүп, активдүү иштеп баштаганын белгиледи. Ал район жана шаар жетекчилерине РИКтин Катчылыгы менен иш алып барууга жооптуу адисти дайындап, жыл аягына чейин МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгуу жана Инвестициялык карта боюнча сунуштарды берүү тапшырмасын берди.

Семинардын жыйынтыгында катышуучулар облустун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана МЖӨ инструменттерин жер-жерлерде өнүктүрүү боюнча сунуштарды талкуулашты.

Регионалдык инвестициялык кеңештердин иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгы, БУУнун Өнүктүрүү Программасы жана Улуттук инвестициялык агенттиктин алдындагы МЖӨ борбору тарабынан келишиминин алкагында жүзөгө ашырылууда.