Print this page

Жалал-Абадда институционалдык диалог бекемделүүдө

Пятница, 25 Июль 2025 11:04

2025-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Текебаев Тилек Кыдырмаевич менен расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга ошондой эле Инвестициялык кеңештердин түштүк аймактары боюнча координатору Мыктыбек Осмоналиев, Жалал-Абад облусундагы Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИС) Катчылыгынын жетекчиси Гүлмайрам Аттокурова жана юридикалык маселелер боюнча эксперт Айзат Биримкулова катышты.

Жолугушууда РИСтин институционалдаштырылышы жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бизнес-коомчулуктун ортосунда туруктуу өнөктөштүктү түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле, Инвестициялык кеңештин ишмердүүлүгү, бизнес-климатты системалуу жакшыртуу, ишкерлердин укуктарын коргоо механизмдерин ишке ашыруу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) форматындагы долбоорлорду илгерилетүү сыяктуу артыкчылыктуу багыттар талкууланды.

Жолугушууда регионалдык өзгөчөлүктөрдүн мааниси баса белгиленип, Жалал-Абад облусу чек ара соодасы, айыл чарбасын кайра иштетүү, туризм жана транспорттук-логистикалык инфраструктура сыяктуу багыттар боюнча жогорку инвестициялык потенциалга ээ экени белгиленди. Бул контекстте РИСтин Катчылыгы жергиликтүү демилгелерди коштоп жүрүү, тоскоолдуктарды аныктоо жана ишкердик чөйрөсүн жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн координациялык борбор катары иш алып барат.

Мунун алдында ушундай эле жолугушуулар Нарын жана Ош облустарында да өткөн. Жакын арада башка облустарда да ушул сыяктуу иш сапарлар пландалууда — бул РИСтин түйүнүн бекемдөө жана түз диалогду кеңейтүү максатында жүргүзүлүүдө.

Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгы, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана Улуттук инвестициялар агенттигине караштуу МЖӨ борбору менен түзүлгөн үч тараптуу кызматташтык келишиминин алкагында ишке ашырылууда.