Print this page

Ош облусундагы коллегияда Регионалдык инвестициялык кеңештин иши тааныштырылды

Пятница, 25 Июль 2025 06:51

2025-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын имаратында аймактын 2025-жылдын биринчи жарым жылындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган кеңейтилген коллегиялык жыйын өттү. Иш-чарага биринчи жолу Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИС) катчылыгы чакырылып, өз иши тууралуу презентация менен чыкты.

Катчылыктын жетекчиси Таалайбек Азимов жыйындын жүрүшүндө РИКтин негизги максаттарын жана учурдагы артыкчылыктуу багыттарын тааныштырып, кеңештин негизги миссиясы – бизнес, мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун ортосундагы ачык диалог үчүн туруктуу аянтча болуу экенин белгиледи. Ал өзгөчө көңүлдү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) форматындагы долбоорлорду коштоп жүрүүгө, ишкерлер жеринде туш болгон тоскоолдуктарды аныктап, аларды жергиликтүү бийлик менен биргеликте чечүүгө бурулду.

Азимовдун баяндамасынын жыйынтыгы боюнча, жыйындын протоколуна ылайык, Ош облусундагы бардык райондук жана шаардык администрациялар, айыл өкмөттөр жана тиешелүү мамлекеттик органдар РИКтин катчылыгы менен тыгыз кызматташууну камсыздоосу милдеттендирилди. Бул өз кезегинде инвестиция тартуу, демилгелерди коштоп жүрүү жана регионалдык артыкчылыктарды улуттук деңгээлде алдыга жылдырууда натыйжалуулукту жогорулатат.

Коллегияда берилген маалыматтар да оң динамиканы көрсөттү: жыл башынан бери Ош облусунда 58 жаңы өндүрүш ишканасы ишке киргизилип, 700дөн ашуун жаңы жумуш орду түзүлгөн. Жалпы 9,2 млрд сомдон ашык инвестиция тартылып, анын ичинде өнүктүрүү фонддорунун салымы да чоң болду. Бул аймакты өнүктүрүүгө багытталган бардык түзүмдөрдүн өз ара макулдашылган иш-аракеттеринин маанилүүлүгүн дагы бир ирет тастыктайт.

РИСтин коллегиядагы катышуусу кеңештин институционалдашуу жана аймактагы бизнес менен инвестициялык долбоорлорду туруктуу негизде колдоо механизми катары ролун бекемдөөнүн дагы бир кадамы болду