21-июль күнү, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде уруксат берүүчү системаны «регулятордук гильотина» механизминин алкагында оптималдаштыруу маселелерине арналган ведомстволор аралык координациялык жыйын болуп өттү.
Министрликтердин, ведомстволордун жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын укуктук маселелер боюнча башкы эксперти Бакыт Самаков доклад менен чыкты. Өзүнүн сөзүндө ал Катчылык Инвесткеңешке мүчө болгон бизнес-ассоциациялар менен биргеликте ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу жана жөнгө салуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган сунуштарды чогултуу, түзүмдөштүрүү жана талдоо боюнча иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле, ал 17-июлда Инвесткеңештин Катчылыгынын аянтчасында бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен өткөн жумушчу жолугушууну эске салды. Ал жолугушууда жеке сектор менен өз ара аракеттенүүнүн практикалык этабына расмий старт берилген. Жолугушуунун алкагында бизнес-ассоциациялардан сунуштарды алуу форматы жана механизмдери макулдашылган. Эми эң жакынкы тапшырма — сунуштарды бирдиктүү түрдө чогултуу жана аларды Инвентаризация боюнча комиссияга берүү болуп саналат.
Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын деңгээлинде Министрлер Кабинетинин № 552-р тескемесинин аткарылышы боюнча, анын ичинде документтерди инвентаризациялоонун жүрүшү, укуктук корутундуларды даярдоо жана жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча сунуштар жөнүндө докладдар угулду. Белгиленгендей, 36 мамлекеттик орган жана ведомствонун ичинен 33ү негиздемелери менен коштолгон сунуштарды жана демилгелерди тапшырышты. Жолугушууну уюштуруучулары мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн бул багыттагы ишти күчөтүүгө чакырышты.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институту, Инвесткеңештин Катчылыгы, Инвесткеңешке кирген бизнес-ассоциациялар жана Ведомстволор аралык комиссиянын курамына кирген мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Бул жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 552-р тескемесин аткаруу алкагында өткөрүлдү. Реформанын башкы максаты — бюрократиялык тоскоолдуктарды мүмкүн болушунча азайтуу, эскирген жана кайталанган талаптарды жокко чыгаруу, ошондой эле уруксат берүүчү жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.