Print this page

Ош облусунда Регионалдык инвестициялык кеңеш ишин кайрадан жандандырды

Среда, 23 Июль 2025 09:37

23-июлуль күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын имаратында Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИК) кезектеги жыйыны өттү. Иш-чарага өкүлдүн орун басары Илияз Ташбаев, Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, райондук администрациялардын башчылары, бизнес-ассоциациялардын, донордук уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жыйында региондун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү жана Ош облусунун Инвестициялык картасын даярдоо маселелери талкууланды. Кеңештин жаңыланган курамы номенклатуралык негизде бекитилди.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ийгиликтүү мисалы катары Өзгөн шаарындагы айланма жолдун курулушу белгиленип, мындай ыкманы башка райондордо да колдонуу сунушталды. Ошондой эле “МЕДИМПЕКС” компаниясына тиешелүү футболдук аянтчаны башка жерге көчүрүү маселеси каралып, колдоо тапты.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар мындан аркы аракеттер боюнча биргелешкен сунуштарды кабыл алышты. Кеңештин иши региондун туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү механизм катары жогору бааланды.

РИКтерди институционалдаштыруу алкагында, башка региондордо сымал, Ош облусунда да Регионалдык инвестициялык кеңештин Катчылыгы жакында өз ишин баштады. Анын курамы төмөнкүдөй:

– РИК Катчылыктын жетекчиси: Таалайбек Азимов
– РИК Укуктук маселелер боюнча эксперт: Куштарбеков Кыялбек
– РИК Экономист / МЖӨ боюнча адис: Джангельдиев Каратай

РИК - бул бизнестин бийлик менен диалог жүргүзүүсүндөгү “киреш капкасы”, аймактын өнүгүүсүнө багытталган инструмент. Ал ар бир облуска өз приоритеттерин тактап, аларды катчылыктардын туруктуу колдоосу менен натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Ош облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештин иши жана Катчылыктын ишке кириши Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана Улуттук инвестициялар агенттигинин алдындагы МЖӨ борбору менен түзүлгөн үч тараптуу кызматташтык макулдашуусунун алкагында жана Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн активдүү колдоосу менен ишке ашырылууда.