Print this page

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин жаңы мүчөлөрү

Среда, 16 Июль 2025 08:32

Урматтуу өнөктөштөр жана Инвестициялык кеңештин мүчөлөрү, Кеңештин курамына эки тармактык бирикме – «Санариптик туруктуулук ассоциациясы» жана «Лизинг ассоциациясы» кошулганын кабарлайбыз. Бул уюмдар киберкоопсуздук жана лизинг тармактарынын кызыкчылыктарын өкүлчүлүк кылып, стратегиялык демилгелерди ишке ашырууга жана бизнес менен мамлекеттин кызматташуусун бекемдөөгө салым кошушат.

Санариптик туруктуулук ассоциациясы (ЮЖБ) – киберкоопсуздук жаатындагы кесиптик коомчулук. Ассоциация алдыңкы адистерди, компанияларды жана мамлекеттик түзүмдөрдү бириктирип, коопсуз санариптик чөйрөнү түзүүгө жана уюмдардын киберкоркунучтардан коргоосун чыңдоого багытталган. Анын миссиясы – ар кыл тараптын күчүн бириктирип, санариптик бизнес үчүн коопсуз жана ишенимдүү чөйрө түзүү. Ассоциация маалыматтык коопсуздук боюнча аналитикалык изилдөөлөрдү, окутуу программаларын жана практикалык чечимдерди жүзөгө ашырып, экономиканын санариптик туруктуулугун бекемдөөгө жардам берет.

Лизинг ассоциациясы (ЮЖБ) – Кыргыз Республикасынын алдыңкы лизинг компанияларынын бирикмеси. Ассоциация лизинг тармагын өнүктүрүү, мамлекеттик органдар менен конструктивдүү өз ара аракеттенүү, лизинг рыногунун ачыктыгын жогорулатуу жана мыйзамдарды өркүндөтүү максатында түзүлгөн. Жаңы бирикме бизнес менен бийликтин ортосундагы диалогдун платформасы болуп, эл аралык тажрыйба алмашууга жана лизингдин эл аралык стандарттары боюнча окутуу программаларын ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Инвестициялык кеңештин жаңы уюмдарын жылуу кабыл алып, Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшү үчүн биргелешип ийгиликтүү иш алып барууну каалайбыз! Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн аянтчасына кош келиңиздер.