Print this page

РИКтер өз аймактарында активдүү ишин башташты

Вторник, 24 Июнь 2025 06:00

Регионалдык инвестициялык кеңештердин (РИК) катчылыктары түзүлүшү менен аймактарда активдүү ишмердүүлүк башталууда. Ар бир региондо ишкерлер менен мамлекеттик органдардын, өнөктөш уюмдардын ортосунда жаңы форматтагы кызматташуу аянтчалары түзүлүп, диалогтун маданияты калыптанууда.

РИКтер — бизнес менен мамлекеттик түзүмдөрдү байланыштырган көпүрө. Кеңештердин негизги максаты — аймактагы инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн көйгөйлөрдү так аныктап, аларды биргелешип чечүүгө ачык диалог куруу.

Мисалы, Талас облусунда РИК катчылыгынын жетекчиси Б. Камалдинов райондук администрациялар деңгээлинде бир катар жолугушууларды өткөрдү. 19-июнда Айтматов районунун акими Нурланбек Эшмаматович Умаров, Манас районунун акими Эрмекбай Алянович Омошев, ошондой эле жергиликтүү ишкерлер кеңештеринин өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп өттү.

Анда РИКтин максаттары жана алдыдагы пландары сунушталып, жеринде ишкерлер менен түз диалог куруу маселеси талкууланды. Жыйынтыгында, июль айынын башында эки райондо тең ишкерлер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан тегерек столдор өткөрүлмөй болду. Ал эми Манас районунда акимдин демилгеси менен райондук ишкерлер кеңеши түзүлүп, бизнес менен мамлекеттик түзүмдөр ортосунда туруктуу байланыш түзүлмөкчү.

Ошол эле учурда, Ош облусундагы РИК дагы өнөктөш иш-чараларга активдүү катышууда. 18-июнда РИК Ош облусунун катчылыгынын жетекчиси Т. Азимов “Курак” Аялдар форуму (Инвесткеңештин мүчөсү) тарабынан GIZ программасынын алкагында уюштурулган тренингде кыскача сунум жасап, РИКтин максаттары жана иш-аракеттери тууралы маалымат бөлүштү . Айрыкча МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү жана ишкерлердин маселелерин чечүүдө мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү темалары чоң кызыгуу жаратты. Катышуучулар менен РИКтин өкүлдөрү ортосунда мындан аркы жекече консультацияларды өткөрүү жана МЖӨ долбоорлору боюнча иш алып баруу тууралуу макулдашуу жетишилди.

Жакынкы арада өлкөнүн ар кайсы аймактарында ушул сыяктуу жолугушуулар жана иш-чаралар РИК катчылыктары тарабынан өткөрүлмөкчү. Бул иш-аракеттер жеринде реалдуу иштеген, сапаттуу диалог үчүн аянтчаларды түзүүнүн маанилүү кадамы болуп саналат.