Print this page

«Бизнес боюнча агартуу кербени» Кара-Балтада: ишкерлер менен ачык диалогко 250дөн ашуун адам катышты

Вторник, 15 Апрель 2025 13:10

2025-жылдын 15-апрелинде Кара-Балта шаарындагы маданият үйүндө республикалык «Бизнес боюнча агартуу кербени» кампаниясынын алкагында маалыматтык-консультациялык жолугушуу болуп өттү. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен ишкерлердин ортосундагы ачык диалог форматы дагы бир жолу өзүнүн актуалдуулугун жана зарылдыгын тастыктады: иш-чарага 250дөн ашуун адам, анын ичинде чакан жана орто бизнес өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары жана ишкердик бирикмелеринин мүчөлөрү катышты.

Талкуу салыктык башкаруунун өзгөчөлүктөрүнөн баштап, контролдук-кассалык техниканы колдонуу, камсыздандыруу механизмдери жана патенттик системага өтүүнүн келечегине чейин кеңири маселелерди камтыды.

Обязателдүү камсыздандыруу системасы талкууланган темалардын бири болду. Камсыздандыруу уюмдарынын өкүлдөрү мүлктүн категориясына жараша камсыздандыруу суммалары ар башка экенин түшүндүрүштү: айыл жергесиндеги турак жай үчүн лимит 500 миң сомду, ал эми шаарда – 1 миллион сомго чейин жетет. Товардык-материалдык баалуулуктар үчүн сумма айланууларга жараша эсептелет, максималдуу чеги – 700 миң сом. Жол жүрүүчүлөрдү камсыздандыруу боюнча да түшүндүрмөлөр берилди. Ал эми айыл чарба камсыздандыруусу азырынча жеткиликтүү эместиги айтылып, бирок бул багытта тиешелүү ассоциациялар менен бирге иш жүрүп жатканы белгиленди.

Катышуучулар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактуралар (ЭСФ) боюнча маселелерге да чоң көңүл бурушту. 2025-жылдын 1-майынан тартып, ЭСФ товар жеткирилген күндөн тартып 5 күндөн кечиктирилбей түзүлүшү керек (калкка сатуулардан тышкары). Салык органдарынын өкүлдөрү учурда көпчүлүк товарлар үчүн ЭТТН колдонуу жокко чыгарылганын, ошондой эле чакан жана орто бизнес үчүн патенттик салык системасы кайра киргизилгенин эске салышты. Патенттер боюнча салык ставкалары ишкерлердин кирешесине жана аймактардын өзгөчөлүгүнө жараша белгиленет. Бул боюнча кошумча маалымат жакын арада жарыяланат.

Ошондой эле ЭСФ бербеген берүүчүлөрдөн товар сатып алууда жаралган практикалык кыйынчылыктар, айрыкча ири базарлардагы абал боюнча суроолор көтөрүлдү. Катышуучуларга бул маселе белгилүү экени жана ага байланыштуу чаралар каралып жатканы маалымдалды. Айрым суроолор азырынча каралууда, бирок адистер ишкерлерден түшкөн пикирлер катталып, тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирилерин ырастады.

 

Панелдик сессиялар менен катар ишкерлер театрдын фойесинде жеке консультацияларды алышты. Бул үчүн өнүктүрүү фонддорунун, мамлекеттик банктардын жана камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү менен консультациялык зоналар уюштурулду.

Кербендин кийинки токтоочу жайлары: Бишкек (убактысы жана жери такталууда).

Уюштуруучулар JIA бизнес-ассоциациясы жана КР  Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы.  

Иш-чара КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Башкы прокуратурасынын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, КР УИА караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин, ошондой эле КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматы, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ), БУУӨП, ЕРӨБ колдоосу менен өткөрүлүүдө.